Премьер-министр Раим Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүү тапшырмасын берди

Окуялар тизмеги 28 Май 2019 11:32
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакир Таиров менен жолуккан учурда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү маселесин козгоду. Ал текшерүү ишин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

27-майда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши аяктап жатканын маалымдаган.

13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу тараткан. Анда ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарган. Видеодо Матраимов өзүнө жетиштүү байлыгы бар экенин жана ал эч качан мыйзамсыз иштерге барбаганын билдирген.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган. Финполиция Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн беш айдан бери текшерип жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.