Акыркы коңгуроо: Жети дубандын бүтүрүүчүлөрү билим уясына, туулган жерине белектерин, эбегейсиз жардамдарын беришти

Аналитика, Статьялар 28 Май 2019 10:32
0 ой-пикир

Билинбей окуучулук күндөр өттү,

Окудуң, билдиң, туйдуң, сезим өстү.

Мына эми жазда учкан каркырадай,

Канатыңды кайрып учар мезгил жетти.

Республикабыздын бардык мектептеринде Акыркы коңгуроо аземи болуп өттү. Айрымдары билим уясы менен коштошуу салтанатын күлүп-жайнап узатып жатса, кээ биринин көзүнөн жаш акты. Ооба, 11 жыл бирге окуган классташтарың менен мугалимдериң, мектебиң менен коштошуп жаткан учур чындыгында аруу сезимдерди ойготот…

Быйыл Кыргызстан боюнча 50 миң бала 11-классты жана 90 миңден ашык окуучу 9-классты аяктады.

Өлкө боюнча бардык мектептерде 25-майда Акыркы коңгуроо салтанаты бийик деңгээлде уюштурулду.

25-май — Акыркы коңгуроо майрамынын келип чыгышынын тарыхына кайрылсак…

Баары эле бул майрамдын төркүнү кайда жаткандыгын билбесе керек. Бул майрамдын идеясы СССРдин эмгек сиңирген мугалими Фёдор Брюховецкийге таандык. Алгач, бул майрам 1948-жылдын 25-майында Москва шаарынын №182 мектебинде болгон.

Коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев аталган майрам тууралуу өз пикирин билдирди:

“Келечегиңерге Ак жол — деп айта албай…”
— Бүтүрүүчүлөр үчүн мектепте акыркы коңгуроо болду. Миңдеген улан-кыздарыбыз он бир жыл билим алган мектебин таштап турмуш жолуна аттанышат. Баарына астына ала кең келечек, ак жол каалайт элек.
Каалоо жакшы, бирок, жүрөктү өйүгөн көйгөйдү кайда катабыз. Эртең миңдеген улан, кыздарыбыз жумуш издеп чет өлкөлөргө жөнөшөт. Ооба, көбү ар кандай окуу жайларга өтүшөт. Бирок, бүткөндөн кийин кайда барышат? Кыргызстанда жумуш табуу жокко эсе. Табылса да, маянасы кара жанды багууга эмес, ошол жумушуна барып, келген жол киреге араң жеткидей жумуш чыгат. Анан жаштар эмне кылат? Аргасыз чет өлкөгө жумуш издеп жөнөйт.
Башканы койдум менин өзүмдүн эле балам, үй-бүлөсүн кичине баласы менен бул жакка калтырып күйө балам, студент кызым чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Он сааттап иштешет. Жашаган шарттары өтө оор. Бир жылда «тиштеринин кирин соруп жүрүп», чогулткандары 300-350 миң сомдун тегерегинде болот.
Мамлекет ушул абалга кандайча түштү? 28 жылдан бери экономикабыз төмөндөгөндүн эле үстүндө болбосо эмнеге көтөрүлбөй келатат? Баарына коррупция күнөөлүү. Мамлекетти 300дүн тегерегиндеги эле коррупционерлер канын соруп талап жеп койду. Башында турган 5 коррупционердин эле мамлекеттен жегенин кустурса, сырткы карызыбызды төлөп, экономиканы оңдогонго жол ачылмак. Эгер 300 коррупционердин ичкен-жегенин төктүрсөк, анда Кыргызстан Орто Азиядагы гүлдөгөн мамлекетке айланмакпыз.
Коррупция бүгүн да күчүндө турат. Мамлекеттик байлыкты талап-тоногондор көбөйбөсө, азайган жок. Ага жапжаңы ачык мисал; Премьер-министрдин бажасы 5 миң евро алган жерде иштесе. Ал бажанын баласы айына 300 миң сом алган жерде иштеген. Мен жогоруда айттым го, «Менин балдарым тишинин кирин соруп жашаганынан экономдоп жүрүп бир жылга 300 миң сом араң чогултат»- деп.. Бул коррупционерлерин айлык катары эле айына 400-300 миңден ачык алышат. Андан башка уурдап, ичип- жегендери канча?
Ошолор мамлекеттин келечегин ойлоп жатышабы? Бүгүн турмуш жолуна аттанган жаштарыбыз кайда барып иштейт? Келечеги кандай болот?- деп ойлоп жатышабы? Ойлошкон жок. Ойлошсо, мамлекетти талап-тоноп ичип жешпейт эле. Жок дегенде жогорудагыдай чоң маяна алгандан уялышат эле. Буларың ичкен-жегендерин кантип сиңирип кетем дегенди гана ойлошот. Буларда ууру кылгандан уялуу деген түшүнүк өлгөн экен. Тескерисинче, мамлекетти, элди тоногонуна сыймыктанышат окшойт. Канча былыктары чыгып атса да, уялбай эл алдына чыгып жүрүшөт. Аргасыз Кыргызстан келечегиң кайда!?- деп кыйкыргың келет. Бирок үнүңдү угаар эч ким жок…

Мектебине кайрылып келип, кайрымдуулук көрсөткөндөр элден бата алышты.

Ошондой эле, быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй мектеп бүтүрүүчүлөрү билим очокторуна эбегейсиз зор салымдарын кошушту. 20 жыл, 10 жыл мурда бүтүп кеткен мектеп окуучулары өз учкан уяларына белектерин аяшкан жок. Анда ар бир облустун уул-кыздарынын айылына, мектебине тартуулаган белектерине жана жардамдарына кененирээк токтололу…

Нарын

Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылынын А.Идинов атындагы мектептин 20 жыл мурда окуучу болуп кеткендер айылды медициналык жабдык менен камсыздашты. Айылдык кеңештин төрагасы Калыс Саралаевдин айтымына караганда, бул жабдыкты алар 350 миң сомго сатып алышкан.

Ош

Ал эми, Алай районундагы Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылына А.Жээнбеков орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүсү Махабат Сатыбалдиева 110 миң сомдук боз үй белек кылды. Бул тууралуу Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Матамов билдирди.


Анын айтымында, эми боз үйдү Мурдаш айылынын тургундары той-аштарда акысыз колдоно алышат.

«Боз үйдүн ичи чоң, тигип, кайра жыйноого ыңгайлуу. Айылдын эли кызыбызга ыраазычылыктарын айтып жатышат», — деди Нурлан Матамов.

Ысык-Көл
Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кайыков жылдагыдай эле Тасма, Чоң-Тогузбай жана Токтоян айылдарында өткөн акыркы коңгуроо майрамына катышып, айыл өкмөттүн атынан алдыңкы 15 окуучуга, атасы — эмгектин ардагери Жазыбай Кайыков атындагы фонддон 30 окуучуга стипендияларды тапшырды.

Акыркы коңгуроого арналган иш-чарага 10 жылдыктар жана 20 жылдыктар дагы катышты. Анда куттуктоо сөздөр айтылып, мектептин, райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл өкмөттүн, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары, ыраазычылык барактары жана стипендиялары салтанаттуу тапшырылды.

Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кайыков өздөрүнүн каражаты менен «Токтоян айылы» деген жазуусу бар арканы курушуп, акыркы коңгуроодогу майрамдык отуруштун ордуна коомго пайдалуу иш кылышканы үчүн мектептин 20 жыл мурдагы бүтүрүүчүлөрүнө ардак грамота тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

Белек-бечкектин ордуна коомго пайдалуу иш жасашкан 20 жылдыктар окуткан мугалимдерине, тарбиялап өстүргөн ата-энелерине ыраазычылыктарын билдиришип, айылдын жаштары үчүн футбол жана волейбол боюнча спорттук оюндарды уюштуруп, эстафетаны кийинки бүтүрүүчүлөргө тапшырды.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү алган сыйлыктарына, берилген бата жана каалоо-тилектерге жооп кылып концерт тартуулашты.

Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кайыков жылдагыдай эле Тасма, Чоң-Тогузбай жана Токтоян айылдарында өткөн акыркы коңгуроо майрамына катышып, айыл өкмөттүн атынан алдыңкы 15 окуучуга, атасы — эмгектин ардагери Жазыбай Кайыков атындагы фонддон 30 окуучуга стипендияларды тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Акыркы коңгуроого арналган иш-чарага 10 жылдыктар жана 20 жылдыктар дагы катышты. Анда куттуктоо сөздөр айтылып, мектептин, райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл өкмөттүн, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары, ыраазычылык барактары жана стипендиялары салтанаттуу тапшырылды.

Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кайыков өздөрүнүн каражаты менен «Токтоян айылы» деген жазуусу бар арканы курушуп, акыркы коңгуроодогу майрамдык отуруштун ордуна коомго пайдалуу иш кылышканы үчүн мектептин 20 жыл мурдагы бүтүрүүчүлөрүнө ардак грамота тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.

Белек-бечкектин ордуна коомго пайдалуу иш жасашкан 20 жылдыктар окуткан мугалимдерине, тарбиялап өстүргөн ата-энелерине ыраазычылыктарын билдиришип, айылдын жаштары үчүн футбол жана волейбол боюнча спорттук оюндарды уюштуруп, эстафетаны кийинки бүтүрүүчүлөргө тапшырды.


11-класстын бүтүрүүчүлөрү алган сыйлыктарына, берилген бата жана каалоо-тилектерге жооп кылып концерт тартуулашты.

Ал эми, Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү көз жумган классташынын өспүрүм уулуна үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Быйыл 8-классты аяктаган Сыймык учурда 67 жаштагы чоң энеси Каликан Мендегулова менен жашап, анын колунда тарбияланат. Анын ата-энеси ал жаңы төрөлгөндө эле ажырашып кетишкен.

«Мен өз убагында айылдын мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштегем. Кийин ден соолугума байланыштуу жумуштан чыкканга туура келди, анын үстүнө неберемди багышым керек болду. Сыймыкты эки айынан баштап багып жатам. Неберем 2-класста окуп жатканда уулум – Сыймыктын атасы жүрөк оорусунан улам каза болуп калды. Ошондон бери неберем экөөбүз күн көрүп келе жатабыз», — дейт К.Мендегулова.

Ал эки бөлмөлүү үйүнүн жанына өз күчү менен чакан үй тургузуп жаткан. Апанын аракетин көргөн уулунун классташтары быйыл 20 жылдык кече өткөрүүнүн ордуна Сыймыктын үйүн бүтүрүп берүүнү чечишкен.

«Сыймыктын атасы мектепти аяктаганына 20 жыл болуптур. Бирок тилекке каршы каза болуп калды. Атасынын жоктугун билгизбейли деп теңтуштары Сыймыктын үйүн бүтүрүп беришти. Ичи-тышын шыбап, жылытуу системасын киргизип, электр энергиясын кошуп, эки үйдү бириктирип беришти. Айыл эли кубанып турабыз, ушундай биримдиктүү жаштарыбыз көп болсун», — дейт Каликан апа.

Ал эми Сыймык келечекте дарыгер болууну кыялданат. Ал чоң энесинин дартын айыктырып, анын бактылуу карылыгын көргүсү келет.

Талас

25-май күнү Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы мектепте акыркы коңгуроо майрамы шаңдуу өттү.

Айыл өкмөттүн орун басары Бактыгүл Мураталиеванын айтымында, быйылкы 10 жылдыктар айылда жардамга муктаж аялга үй куруп бермек болушту.

«Айылдын тургуну Динара Сатыбалдиевага (турак жайы жок) үй куруп берүү үчүн быйылкы 10 жылдык бүтүрүүчүлөр жер бөлүп берүүнү суранышкан. Айыл өкмөт суранычты канааттандырып, 12 сотых жерди Динара Сатыбалдиевага жеке менчикке чыгарып берди», — деди ал.

Талас районунун Кырк-Казык айылынын Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинде быйыл 11-классты аяктаган классташтар айыл ичиндеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалими Нурдин Чоро уулу билдирди.

Ошону менен катар эле Таластын 11-классынын бүтүрүүчүлөрү шаан-шөкөттүн ордуна эки үй-бүлөнүн 2 баласына жардам бермей болушту.

«Быйылкы бүтүрүүчүлөр акыркы коңгуроо күнү кортеж менен чыгып, көңүл ачуунун ордуна айыл ичиндеги 2 үй-бүлөнүн 2 баласына жана мүмкүнчүлүгү чектелген 1 балага жардам иретинде кийим-кече, окуу куралдарын жана келерки окуу жылына деп атайын кийимдерди белек кылып беришти. Быйылкы бүтүрүүчүлөр жакшы демилге көтөрүп, элдин ыраазычылыктарына ээ болушту», — деди ал.

Ал эми бүтүрүүчү Актан Сүйүнтбек уулунун айтымында, классташтар жалпы 7 миң сом акча топтогон.

«Биз көңүл ачуунун ордуна жардам берүүнү туура көрдүк. Жалпы мектеп жамааты колдошту. Колубуздан келген жардамыбызды бердик. Ушундай демилгени кийинки муун улап кетет деген чоң ишеничтебиз. Жалпы 7 миң сом акча жумшалды», — деди ал.

Жалал-Абад

25-майда Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтүнүн Ажек айылынын кире беришине курулган арка салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Мухтар Шербаев билдирди.

Анын айтымында, арканы айылдагы мектепти 10 жыл мурда аяктаган классташтар куруп беришти. Арка боз үйдүн түндүгүн элестетип турат.

Ажек айылы Өзбекстан менен чектешет. Анда 200 түтүндөн ашуун адам жашайт.

Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Ак-Дөбө айылындагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебин 2009-жылы аяктаган классташтар мектепке алыстан каттап окуган окуучуларды ташуу үчүн унаа алып беришти.

Уюштуруучулар билдиргендей, окуучулар мектепке 4-5 чакырымдан жөө каттап окуп келишкен. Алардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн унаа алып берүү демилгеленген. Классташтар аны колдоого алып, 200 миң сомдук кичи автобус алып беришти.

«Мектепти аяктаганыбызга 10 жыл болуп жатат. Ошол мааракеге карата 40 классташ бала каражат топтоп, мектепке кичи автобус белек кылууну эп көрдүк. Себеби айылдагы жаңы конушта жашаган 18 окуучу кыштын суук күнүндө жөө каттоого мажбур болушат экен. Ал көйгөйдү чечүүгө бел байлаганбыз. 200 миң сомго кичи автобус алдык.

Мындан сырткары 24-май күнү байге фонду 90 миң сомду түзгөн улуттук спорт оюндарын өткөрдүк. Ал эми мугалимдерибиз үчүн 26-май күнү ооз ачар уюштурууну пландап жатабыз», — деди 10 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Дилмурат Ашырматов.

 

Аксы районунун Кербен шаарында мектепти аяктаганына 10 жыл болгон бүтүрүүчүлөр той өткөрүүнүн ордуна жакыр жашаган 30дан ашык үй-бүлөгө жардам көрсөттү.
Маалым болгондой, 50дөй классташ жалпы 200 миң сомдой каражат жыйнашкан. Аксы районунун Кербен шаарында мектепти аяктаганына 10 жыл болгон бүтүрүүчүлөр той өткөрүүнүн ордуна жакыр жашаган 30дан ашык үй-бүлөгө жардам көрсөттү. 

«Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү майрам өткөрүүнүн ордуна шаарда жана шаарга жакын жайгашкан айылдардагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмесин алып, аларга ун, май, эт жана башка азык-түлүктөрдү тараттык. 10 жылдык кечебиз Рамазан айына туш келгендиктен сооп иш кылууну чечтик», — дейт уюштуруучулардын бири Бекзат Бекмуратов.

Тогуз-Торо районунун Казарман шаарчасындагы Асан Абдраимов атындагы орто мектебинин бир бөлмөсүн 20 жылдык бүтүрүүчүлөр оңдоодон өткөрүп беришкендигин журналист Айнура Касымова билдирди.

25-майда Асан Абдраимов атындагы орто мектепте акыркы коңгуроо салтанаты белгиленип, ага мектепти 1999-жылы бүтүргөндөр катышты. Алар 20 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүп, мектептен Чыңгыз Айтматовдой дүйнөгө таанылган белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон коомдук ишмерлер чыксын деген максатта кыргыз тил класстык бөлмөсүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле бөлмөгө керектүү бардык эмеректерин, парта-столдорун жаңы сатып беришкен.

Чыңгыз Айтматов атындагы класстын ачкычын мектептин директоруна тапшырып беришти. Мындай иш-чара биринчи ирет болуп жаткандыктан, мектептин жалпы жамааты, окуучулар жана ата-энелер кубаныч менен кабыл алышты. Буга жалпы 450 миң сом каражат сарпталганы маалым болду.

Бул демилгени көтөргөн 20 жылдыктын уюштуруучусу Мелис Эстебесов төмөндөгүлөргө токтолду: «20 жылдан кийин өзүбүз учуп кеткен алтын уябызга келип, мектепке кичинекей болсо да салым кошконго аракет кылдык. Мындай иштер муну менен токтоп калбайт. Кийинки жылы да жакшы пландарды коюп, мектепке жардам беребиз деген ниетибиз бар», — деди уюштуруучу.

Чүй

Жайыл районунун Суусамыр айылынын 30 жылдык бүтүрүүчүлөрү көчөнүн башына атайын адамдар эс алып отуруучу үстү жабык тапчан куруп беришти.

Тапчандын узуну 6 метр, туурасы 4 метр.

«Бул идеяны атайын балдар болуп чогулуп сүйлөшкөндө мен көтөрүп чыккан элем. Ары-бери өткөн жолоочулар, мал айдап өткөн малчылар, туристтер атайын отуруп эс алышсын деп ойлодук. Балдар да бул идеямды колдогондуктан, көчөнүн башындагы былтыркы 20 жылдыктар тургузган арканын жанына ажатканасы менен тапчан куруп бердик. Жалпы 10 чакты бала акча чогултуп, 50 миң сом акча сарпталды. Атайын 2 кой союп, элдин батасын алып ачылышын өткөрдүк», — дейт  Нурпайыз Турдугулов.

Баткен

Лейлек районунун Чымген айылындагы мектепти 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар шаан-шөкөттүн ордуна майып адамга үй куруп беришти.

Классташтардын бири Эргеш Айтиевдин айтымында, үй 2-топтогу майыпка салынган. Аталган үйдүн курулушу кышында башталган болчу. Каражат негизинен курулуш материалдарына гана сарпталып, усталар да кайрымдуулук кылышып, эмгек акыны аз алышкан. Үйдүн салтанаттуу ачылышы болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Тилекке каршы, аталган үй курулуп бүтө электе классташтардын бири С.Т. каза болгон. Анын артында аялы жана 3 баласы калды. Классташтар анын үй-бүлөсүнө да үй куруп берүүнү туура көрүшкөн. Учурда жер маселеси чечилип, үйдүн курулушу башталганы турат.

Классташтардын саны 35ке жакын. Бул 2 үйдүн курулушуна жалпы 1 млн сом кетет. Классташтардын ичинде курулуштар үчүн 50 миң сомго чейин акча кошкондор да бар.

Быйылкы мектептин бүтүрүүчүлөрү да дал ушул инсандарга окшоп, билим алган мектебине, айылына өз жардамдарын аябайт деп ишенебиз.

Эми бардык бүтүрүүчүлөр туура тандоо жасап, келечектеги мыкты адистерден болоруна үмүт кылабыз.

Келечек жаштардын колунда!

Ак жол сага бүтүрүүчү!

Жазгүл Урмамбетова — атайын Elgezit.kg үчүн

Сүрөттөр «Турмуш» басылмасынан жана интернеттен алынды.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.