Курсан Асанов, ИИМ министринин орун басары: «Мамлекеттин коопсуздугу — башкы маселе!»

Окуялар тизмеги 27 Май 2019 12:29
0 ой-пикир

«Азия ньюс» гезитине «Министрдин креслосун Курсан  Асанов  тартып алса  жарашат» деген макалага карата министрдин  орун басарынын пикирин уктук.

«Курсан   Асанов:  Аталган  макалада  ИИМ  министри  орун  басарлары  менен келише албай  жатат  деген таризде маалымат  айтылыптыр. Такталбаган суроолор жаралып калгандыгына  байланыштуу, мен кыскача эле жооп берейин. Ички иштер  министринин  орун  басарлары ар бири өздөрүнө тиешелүү багыттар боюнча иш алып барат жана негизги багыттагы ишмердиктери  боюнча иш жүргүзүп келе жатышат.

ИИМдин  жетекчилиги коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоодо,  кылмыштуулук  менен  күрөшүүдө  жана ички  иштер органдарынын  ишмердигине  багытталган ченемдик-укуктук  актыларды иштеп  чыгып  аны  турмушка  ашырууда,  ошондой  эле   реформалоо багытында  бир   максатты   көздөп,  биргелешип  иш  алып баруудабыз. Бизде мындан башка маанилүү маселе жок, — деди   генерал  мырза   Курсан Асанов”.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.