Чүй: Рейд учурунда 1 миң 111 үйдө жашаган жарандарды текшерүү иштери жүргүзүлдү

Окуялар тизмеги 27 Май 2019 14:20
0 ой-пикир

Чүй облусунун аймагында “Правопорядок” аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Чүй облусунда тартип бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу ошондой эле, катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында 2019-жылдын 21-22-май
күндөрү “Правопорядок” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага облус боюнча 500гө жакын ички иштер органдарынын кызматкерлери жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнөн 100 дөн ашык кызаматкерлер катышышты. Рейд учурунда уурулук, ээн баштык, тоноо жана башка 16 кылмыш ишинин бети ачылган. Андан сырткары башка тартип бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде 175 протокол толтурулган. Иш-чара учурунда Чүй облусунун аймагында жайгашкан 60 мечит медереселерде жолугушуулар болуп, тартип бузууларды жана кылмыштарды алдын алууга багытталган лекциялар окулду. Милиция кызматкерлери тарабынан 1 миң 111 үйдө жашаган жарандарды текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында ички иштер органдарына 150 жарандар жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле буга чейин милиция кызматкерлеринин каттоосунда турган 395 жаран текшерилди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.