Абиевдин жетекчилик кызматтарда тажрыйбасы аз болгондуктан, кызматка дайындалган эмес

Окуялар тизмеги 27 Май 2019 16:38
0 ой-пикир

“Чүй ОИИББнин начальниги Курманкулов күчтүү опер катары Абиевди баалаган…”  деген аталыштагы макала боюнча Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

2019-жылдын 23-май күнү “АЗИЯ NEWS” гезитинин №20 санында “Чүй ОИИББнин начальниги Курманкулов күчтүү опер катары Абиевди баалаган…”  деген аталышта материал чыккан.

Аталган макала боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз:

-“АЗИЯ NEWS” газетасынын башкы редактору жакын таанышы учурда Панфилов райондук ИИБүнүн орун басары, Ж.Абиевди Чүй облусунун ИИББнын Криминалдык милиция кызматынын башчысына дайындоону суранган. Чүй ОИИББнын Криминалдык милиция кызматынын башчысына өзгөчө тажрыйбалуу кызматкерди талап кылаары белгилүү. Анткени, Чүй облусу борбор калааны төрт тарабынан курчап турган облус болгондуктан, криминалдык абалга көзөмөлдүк кылуу жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн ыкчам иш-аракеттерди тынымсыз жүргүзүү зарыл. Андыктан Чүй облусунун ИИББнын Криминалдык милиция кызматынын жетекчилигине Ж.Абиевдин талапкерлиги каралып, буга чейинки жетекчилик кызматтарда тажрыйбасы аз экендиги эске алынып, Чүй облусунун ИИББнын Криминалдык милиция кызматына дайындалган эмес. Ал учурда өз ордунда тиешелүү милдеттерин аткарууда.  Ал эми “иш билгилер эмес капчыктуулар кызматка дайындалат окшобойбу?” деген сөздөр чындыкка дал келбейт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.