УКМК А.Атамбаевдин жумуш ордуна коюлган үн жаздыруучу аппарат боюнча жооп берди

Окуялар тизмеги 24 Май 2019 12:05
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-майда билдирүү таратып, “Форум” ишканасынын өкүлү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жакын санаалашы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоо жабдыгын орнотууга мажбурланган деген кабарды төгүндөдү.

Мекеме Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) билдирүүсүн “чагым” деп атады. Ошондой эле айрым саясий ишмерлер өзүн пиарлоо үчүн атайын кызматтын дарегине негизсиз айыптарды айтып жатканын белгиледи.

Буга чейин КСДП Атамбаевге таандык «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн УКМК кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тараткан.

Анда “Форумдун” IT кызматкеримин» деген адам УКМК өкүлү берди делген электр улоочу зымдын ичин ачып, андан «тыңшоочу аппаратты» таап чыкканы көрсөтүлгөн.

Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч деп мүнөздөгөн.

Бишкекте өтүп жаткан УКМКны реформалоо боюнча жыйында да активист Адил Турдукулов электр улоочу зымдын ичинен тыңшоо жабдыгын алып чыгып, журналисттерге көрсөттү. КСДП бүгүн видео тууралуу маалымат жыйын өткөрө турган болууда.

Булак: ГовориТВ

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.