Нурбек Мурашев отставкага кетти

Окуялар тизмеги 24 Май 2019 10:07
0 ой-пикир

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри  Нурбек Мурашев ден-соолугуна байланыштуу кызматынан кетти. Бул тууралуу маалыматты  өздүк булактар билдирүүдө.

Маалым болгондой, ал кызматтан кетүү боюнча арызды 23-майда жазып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошол эле күнү кабыл алган.

Эскерте кетсек, былтыр министрлик дыйкандарга коңшу өлкө менен келишим түзүлгөнүн айтып, картошка эгүүнү сунуштаган. Бирок кийин тонналаган картошка жарытылуу баага өтпөй, дыйкандар чыгымга учураган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.