ИИМдин кызматкерлери диний кастыкты козутуу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жаранын кармашты

Окуялар тизмеги 24 Май 2019 09:52
0 ой-пикир

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан терроризмге үгүттөө жана диний кастыкты козутуу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жаранын кармалганы маалым болду.

2019-жылдын 20-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүшкөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстан Республикасынын 1994-жылы туулган Б.Т. аттуу жаранын аныкташып кармашты. Жогорудагы жаран Казакстан Республикасынын Чыгыш-Казакстан облусунун Полиция департаментинин Криминалдык полиция башкармалыгы тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинин 1-бөлүмү (терроризмге үгүттөө жана ачык түрдө террористтик актыларды жасоого чакыруу) менен 313-беренесинин 1-бөлүмү (ырайымсыз зомбулукту жана кыйноолорду пропагандалаган чыгармаларды мыйзамсыз жайылтуу) боюнча издөөгө алынган. Кылмыш иши 2018-жылдын май айында козголуп, ошол эле айда издөө жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын маалыматы боюнча аталган жаран Бишкек шаарында батирде жашап жүргөн.

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.