Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал турукташты

Окуялар тизмеги 23 Май 2019 09:11
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2019-жылдын 22-майында Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Карабак айылынын Эски Мазар жерлигиндеги көрүстөнгө кечээ сөөгү коюлган жарандык тууган-уруктары куран окуп эскерүүгө келишкен. Ошол учурда Тажикистан Республикасынын чек ара кезмети келип Кыргызстандын жарандары менен ооз эки кайым айтышуу орун алган, Кыргызстандын жарандары болсо Тажикистандын чек ара кезметин ал жерден кетүүсүн талап кылышкан.

Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, жолгушуу учурунда Кыргызстандын жарандары өз алдынча тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Өз учурунда тажик чек арачылары асманга эскертүү катары бир ок атышкан.

Азыркы учурда Кыргызстан жана Тажикистандын чек ара өкүлдөрүнүн жолгушуусу уланууда. Ошону менен бирге жергилүктүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүүлүдө, алар болсо өз учурунда ал жерге бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери келишин талап кылышууда.

Эскертип кетсек, Эски Мазар жерлигиндеги көрүстөн шарттуу түрдөгү мамлекеттик чек арадан 150 метр алыстыкта Тажикистан Республикасынын аймагында жайгашкан.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.