25-26-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, тоо этектеринде мөндүр жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын мол жаайт.
Туруксуз аба-ырайынан улам өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү ыктымал.
Эскерте кетсек, өткөн жылдары нөшөрлөгөн жаандан пайда болгон сел айдоо аянттардагы эгиндерге, турак-жайларга, жолдорго жана башка инфраструктага зыянын тийгизген.
Сүрөт интернеттен алынды