Бүгүн таң эрте Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады

Окуялар тизмеги 23 Май 2019 11:57
0 ой-пикир

Бишкекте маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшүп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу маалыматты жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирдишти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 23-май күнү саат 08:29 чамасында болгон. Анда Mercedes Benz жана Toyota Avensis унаалары кырсыкка кабылган.

«Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу К.Л Чыңгыз Айтматов менен Ажыбек баатыр көчөсүнүн кесилишинде Toyota Avensis унаасы менен сүзүшкөн. Ал эми Toyota Avensis унаасын 33 жаштагы К.С аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Учурда эки машина тең айып короосуна токтотулуп, жаракат алган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилди», — деп билдиришкен.

Сүрөт интернеттен алынды



Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.