Орусиянын Сбербанк Банкынын кардарлары көптөгөн кайрылуулар менен аталган банкка арыз жазышкан. Себеби акыркы убактарда алардын жеке картасынан акчалар кайда кетип калганы белгисиз бойдон калганын билбей калышкан.
Акчаны картадан алуунун оңой жолун тапкан уурулар алгач банктык терминалга карта салбай туруп, операция жүргүзө башташат, андан кийин бир четке туруп турат, (операция ал кеткенге чейин 90 секунд кармалып турат) бул убакытта башка бирөө картасы менен келип акчасын алат. Ошол убакытта кардардын картасынан мурунку кардардын бйрутмасына байланыштуу акчалар которулуп кетет.
Буга байланыштуу Сбербанктын жетекчилиги кардарлардын сак болуусун өтүнөт.
Сүрөт интернеттен алынды