Украинада жаңы президенттин инаугурациясы болот

Окуялар тизмеги 20 Май 2019 10:43
0 ой-пикир

Бүгүн, 20-майда Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленскийдин инаугурациясы өтөт.

Владимир Зеленский өзү ант берүү аземин 19-майда өткөрүүнү сунуш кылып жаткан. Бирок украин депутаттары бул сунушту четке кагышкан.

Инаугурация алдында Зеленский видеокайрылуу жасап, Рада аларга ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, “Убада берем, биз да аларга ошондой кылабыз”, — деген.

Эске салсак, 41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петро Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73 пайызын, атаандашы 25 пайызын алган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.