Раим Матраимов «кызматынан мыйзамсыз алынган»

Окуялар тизмеги 20 Май 2019 13:29
0 ой-пикир

Жогорку сот бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовду “иштен мыйзамсыз алынган” деген чечим чыгарды.

Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, жарандык иштер боюнча соттук коллегия 17-майдагы отурумунда Матраимовго карата чыккан буга чейинки чечимдерди күчүндө калтырды.

Райымбек Матраимов бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлыгынан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен «иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген негизде бошотулган.

Өкмөттүн бул чечимине макул болбогон Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген.

Былтыр 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деген чечим чыгарган. Бул чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.