Дастан Жумабеков, спикер: «Бакиевдин Беларустагы ишмердиги эки өлкөнүн алакасына кедергисин тийгизип жатат»

Окуялар тизмеги 20 Май 2019 14:51
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеш спикери Дастанбек Жумабеков 19-майда Беларус парламентинин төрагасы Владимир Андрейченко менен Бишкектеги жолугушууда мурдагы президент Курманбек Бакиевге байланышкан маселени көтөрдү.

Ал Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын Беларустагы ишмердиги, аларга жарандык берилип, жакшы шарт түзүлгөнү, коомдук иш-чараларга катышканы тууралуу мезгил-мезгили менен маалымат каражаттарына чыгып жаткан кабарларга кыргыз тарап тынчсызданаарын айтты.

Спикер мындай көрүнүш эки тараптуу мамилеге кедерги тийгизип жатканын да кошумчалаганын парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу маалымдады.

Владимир Андрейченко Бишкекке 20-майда өткөн Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн келген.

Ал эми 2010-жылы апрель окуясынын натыйжасында бийликтен кеткен Курманбек Бакиев үй-бүлөсү мененБеларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадициялоо аракетинен ушул күнгө чейин майнап чыга элек.

Апрель окуясы боюнча соттун жыйынтыгында Курманбек Бакиевге 30 жыл берилип, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, тун уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кенже уулу Максим Бакиев бир нече кылмыш үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Жакында эле, Курманбек Бакиев телегейи тегиз болуп, жакындары менен бирге бир столдун үстүндө тамактанып жаткан видеосу интернетке тараган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.