Нарын: 23 жаштагы жигиттин мэр болуп шайланганы жалган маалымат болуп чыкты

Окуялар тизмеги 17 мая 2019 10:22
0 билдирүү

23-жаштагы Солтобек Эркин аттуу жараныбыз Нарын шаарынын мэри болуп шайланганы тууралуу кабар тарады. Мындай маалымат akipress.kg сайтында маалымдалды.

Маалыматта, «Кечээ, 16 майда Нарын шаардык кеңешинин депутаттары мэрди шайлашкан. Баардыгы болуп 27 депутат мэрди тандашкан. Алардын арасынан бирөө эле каршы болсо, 26сы Солтобек Эркинди колдошкон. Бир депутат Мирбек Амановдун кандидатурасын колдогон».

Тандалган жаңы мэр «My NARYN» аттуу креативдүү группанын директору экени белгилүү болду. Ал Кыргыз-Түрк  «Манас» университетинин, «Рекламалык иш жана коомчулук менен байланышуу» факультетин бүтүргөн. Ошондой эл ал, Армениядагы 2018-жылы  КМШ өлкөлөр арасындагы Жаш лидерлердин катарына кирген.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Солтобек Эркин учурдагы Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек колдоп келгендиги айтылып жатаары айтылган. Солтобек Эркин болсо «Фейсбуктагы» өздүк баракчасына маалымат жалган экенин жазып чыкты.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.