Видео: Ош шаарында автоинспектор жигитти муштап, жулкулдатып жатканын күбө видеого тартып алган.

Видео, Окуялар тизмеги 16 мая 2019 10:20
0 ой-пикир

Ош шаарында автоинспектор жигитти муштап, жулкулдатып жатканын күбө видеого тартып алган. Бирок инспектор кол көтөрбөгөнүн, тапанчасын жулуп албасын деп жигитти ары түрткөнүн айтууда.
Видеону YouTube каналына Азамат Ормокеев аттуу жаран жүктөгөн. Ош шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы инспектор да, калаа тургуну да бири-бирине кол көтөрбөгөнүн билдирди.

Окуя 8-май күнү саат 9.30дар чамасында калаанын Ленин жана Мамажанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
“Ленин көчөсүндө унаалар бир тараптуу жүрөт. Porter унаасын башкарып бара жаткан карыя байкабай каршы тилкеге чыгып, маршрутканын жолун тосуп калат. Ошол учурда ичинде бараткан жүргүнчү ачууланып, инспекторго кыйкырып жерге түшкөн. Ал агрессивдүү маанайда болгондуктан инспектор “тапанчамды тартып албасын” деп жүргүнчүнү түртүп, өзүнөн алыстатууга мажбур болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле экөө бири-бирине кол көтөрбөгөнү, жана инспектор ал жүргүнчүнү милиция кызматкерлерине өткөрүп берүүгө жетишпей калганы белгиленет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.