Видео: Байкер өмүрүн тобокелге салып, сүйгөнүнүн колун сурады

Видео, Окуялар тизмеги 16 мая 2019 09:52
0 ой-пикир

Интернетте байкер мотоциклге тетири карап отуруп алып, сүйгөн кызынын колун сураган видео тарады.

Ал Ростов-на-Донуда тартылганы анык болду. Видеодо байкер жогорку ылдамдыкта бара жатып, артында учкашып бара жаткан кызга бурулуп отуруп, түн ичинде мотоциклди башкарбай тескери карап отурган боюча кетип бара жатканын көрүүгө болот.

Жигит чөнтөгүнөн шакек алып чыгып, артта отурган кыздын колун сураган. Бирок мотоцикл токтогон эмес, айдоочу улам-улам артын караганы менен мотоциклди башкарбай эле кете берген.

 

“Бир олдоксон кыймыл, же жолдон кичинекей таш, же каршыдан чыккан унаа болсо сүйүшкөндөр набыт болмок”,-деп жазган “Большой Ростов” порталы.

Жаштарга адреналин керек экени түшүнүктүү деңизчи, бирок жашоо жаңы башталып жатканда ушунча тобокелге баруунун эмне кереги бар, түшүнүксүз…

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.