Кожобек Рыспаев, эл өкүлү: «Биз алыбызга жараша айып пулдарды салбашыбыз керек, элди тупикке тыгабыз»

Окуялар тизмеги 16 Май 2019 14:54
0 ой-пикир

Февраль айынан тартып ишке кирген «Коопсуз шаар» долбоорунун кесепеттери кооптуулукка алып келиши мүмкүн экенин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү аталган маселени буга чейин да бир нече жолу көтөргөнүн айтып, бирок андан эч кандай майнап чыкпай жатканын айтты.

«Коопсуз шаар» боюнча баарыбыз «сонун болду» дегенде «айып пулдардын көлөмүн азайткыла» деп айттым эле. Бүгүн элдин 20 пайызы гана төлөп жатат. Калгандары төлөгөн жок. Бул азыр кооптуулукка алып келет. Биз алыбызга жараша айып пулдарды салбай, асмандатып салып алдык. Эл аны бүгүн төлөй албайт, муну тез аранын ичинде карап чыгыш керек. Социалдык абалга карап айып пулдардын өлчөмүн төмөндөтүш керек. Биз бул абал менен жылып отурсак, элди тупикке тыгабыз», — дейт депутат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.