Ыдырыс Исаков: Менин максатым “кумаркананын” чыныгы ээсин жана аларды ким калкалап жатканын табуу. Мени сабап коркута алышпайт!

Интервью, Статьялар 14 мая 2019 09:54
0 ой-пикир

Elgezit.kg буга чейин билдиргендей, жашыруун казинонун күзөтчүлөрү социалдык тармакта түз эфир алып барып жаткан журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөрүшкөн. Биз журналист менен байланышып, кыскача маектештик.

— Ыдырыс, абалыңыз кандай? Катуу жаракат алган жоксузбу?

— Жок, бактыга жараша оор жаракат алган жокмун. Костюмум айрылып, колум бир аз ооруксунуп калды. Телефонумду тартып алууга аракет кылышты.

— Милицияга кайрылдыңызбы?

— Ооба, азыр бул факт боюнча милицияда арыз жазып жатам. Азыр күзөтчүлөр ойлонбостон иш кылып алдык деген шылтоо айтып жатышат. Чынын айтсам, жаш күзөтчүлөрдүн жашоосуна балта чапкым келбейт. Менин максатым – жашыруун иш алып барып жаткан кумаркана делинген имараттын чыныгы ээсин табуу. Эгерде алар чындап эле жашыруун иш алып барып жатышса, анда Мыйзам алдында жооп бериши керек. Мени сабап коркутам дешсе, жаңылышат.

— Имараттын ээси табылдыбы?

— Жок. Милиция азыр иш алып барып жаткан казино фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, иликтөө иштери башталганын билдиришүүдө. Мендеги маалыматтар боюнча, милиция кызматкерлери бул жер казино экенин билишип, бирок көз жумуп келишкен.

“Медиа Полис Институтунун” өкүлү, юрист Алтынай Исаева журналисттерге карата зомбулук болбошу керектигин билдирди.

—Журналисттер кесиптик милдеттерин аткарып жатканда мамлекет аларды коргоого милдеттүү. Ошто Ыдырыс Исаковго кол көтөрүшкөнү туура эмес, буга жол бербеш керек болчу! Журналистке карата физикалык күч колдонуу – бул кылмыш жоопкерчилигине тартуучу аракеттер. Азыр “Азаттык” редакциясы менен бирге арыз жазуу маселесин чечип жатабыз”,-деди Алтынай Исаева.

— Күзөтчүлөрдүк Кылмыш кодексинин кайсы беренеси боюнча жоопко тартышы мүмкүн?

— Практика көрсөткөндөй, мындай учурларда алган жараттарына карап, “Бейбаштык” же “Денеге залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.