Кымбаттуу чек арам, алтындай жерим!

Аналитика, Статьялар 14 мая 2019 13:56
0 ой-пикир

Ширин ЖУМАДИЛОВА — атайын Elgezit.kg үчүн

Өткөн айда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чуу токтой электе эле Баткен облусундагы ошол эле аймакта мектеп окуучусун кармап кетишип, кайра кайтарып беришкени, тажик жарандары кыргыздар отурукташкан аймактын башчысынын унаасынын айнегин күбүп кетишкени тууралуу маалыматтар тарады. Башкача айтканда, расмий маалыматтар абал туруктуу дегени менен бул маалыматка ишениш кыйын болуп турган чагы.

Чек ара чырына байланыштуу жабык отурум өткөргөн Парламент 30 пункттан турган чечим кабыл алынганын билдирди. Анын маңызы эмнеде жана анда кайсы маселелерди чечүү каралганы азырынча коомчулукка белгисиз.

Ал ортодо айрым эл өкүлдөрүнө бул маселе популисттик көз карашта гана маанилүүбү деген ой келет, дегеним алар аткаруу бийлигин, мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын жана чек ара маселесине тиешеси бар аткаминерлерди гана сындап тим болушту. Бул маселе тереңден каралбай элеби деген да күдүк ойлор жаралды.

Себеби Парламент кабыл алган чечимден Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, Лейлек районунун Максат, Кулунду, Жаңы-Жер айылдарында абал өзгөрүп кеткен жок. Дал ушул айылдарда ички миграция күч алууда, бул Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес. Эмнеге дешиңиздер мүмкүн. Себеби чек арага жакын жайгашкан аймактардын катаал шартында инфраструктуралык шарттар жок айылдарды таштап көчүп кеткендер көп болууда. Жергиликтүү тургундар жакшы жашоо издеп борборго же башка аймактарга көчүп кетишүүдө. Алар үйлөрүн жана жер тилкелерин сатып кетишүүдө. Аларды кимдер сатып алып жатышат? Албетте, жергиликтүү калк эмес, чектеш өлкөнүн жарандары. Айрымдар бул мүмкүн эмес, чек ара бар да деп ойлошу мүмкүн. Бирок сиздер ойлогон чек ара жок. Айрым аймактарда чек ара деп бул үйлөрдө жашаган жарандардын жарандыгын гана айтып келишет. Эки өлкөнү жергиликтүү тургундардын огороддору, жер тилкелери гана бөлүп турган жерлер да жок эмес. Демек, тажикстандыктар үчүн кыргызстандыктардын үйлөрүн сатып алуу оор деле эмес. Такыр болбой калды дегенде үйлөрдү кыргызстандыктарга каттатып алышып тажик жарандары жашай беришет.

Депутат Табалды Тиллаев 24.KG агенттигине 3-апрелде берген маегинде мындай деген:

“… 2010-жылы Таш-Тумшук айылында 67 жер тилкесин коңшу өлкөнүн жарандарына сатышкан. Ак-Сай айылында болсо ушул жылдар аралыгында 37 үй, самсыкана, ашкана, унаа жуучу жай курушкан. Лейлек районундагы Максат айылында коңшу мамлекетке 31 гектар жер өтүп кетсе, Сада айылында 9 гектар, Кулунду айылында 28 гектар өтүп кеткен”.

Чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо болбогонун эске алганда, эки өлкөнүн ортосундагы СССР убагынан калган колхозго жана совхоздорго карап баланча жер “өтүп кетти” деп айтылууда. Чек ара көйгөйү дал ошол совет доорунан “мурас”. Бул жерде өтө чоң коркунуч жатат, дегеним чек ара жок, демек белгиленген жерлер жок. Ошондуктан акырындык менен болсо дагы жер тилкелеринин тажик жарандарына сатылуусу чек аранын бери жылып келе жатканынан кабар берет.

Эмнеге чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси ордунан жылбай жатканынын дагы бир себеби балким дал ушундадыр, балким кимдир бирөөлөргө бул процесстерди бир нече убакыт өткөндөн кийин ишке ашыруу пайдалуудур.

Анын үстүнө тажик тарап чек араны тактоодо жыйырманчы жылдардагы чек ара карталарына ылайык иш алпаруу керектигин расмий жарыялаган. Анда Лейлек жана Баткен райондорунун үчтөн бир бөлүгү Тажикстанга тиешелүү экендиги көрсөтүлгөн. Бул аракеттер чек ара маселесин чечүүнү дагы кечеңдетүү үчүн жүргүзүлүп жатышы толук мүмкүн. Себеби убакыт өткөн сайын берки тарап үйлөрүн сатып кетишүүдө, ал эми наркы тарап аларды сатып алып, жер тилкелерин кеңейтүү менен алек.

Ал эми ар кандай масштабдагы саясий карталарда жана атластарда эки союздаш өлкөнүн чек арасын мурункудай гана белгилеп келишүүдө, бирок жеринде абал кандай экенинен жана кандай өзгөрүүлөр болгонунан эч кимдин кабары жок.

Борбор Азиядагы экономикасы жакшы өнүкпөгөн эки өлкөнүн көйгөйү тыкыр иликтенген эмес жана биздин бийлик бул маселеде өз саясатын иштеп чыкканынан күмөнүм бар.

Кыргызстан чек ара көйгөйүн чечүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн убагында коё берип жиберген. Дегеним, тажиктер үчүн транзиттик аймак болгон Өзбекстан ондогон жылдар бою коңшусу Тажикстанга жабык болгон. Мамиле чыңалып турган десек жаңылышабыз, эч кандай алака, мамиле болгон эмес. Эч кандай жүк ташуулар, өткөрүү пункттары болгон эмес. Мындай шарттарда биздин өлкө Тажикстандын тышкы дүйнө менен болгон байланышын түзүүдө негизги база болуп берген. Дал ушул биздин өлкө Тажикстан үчүн жүк ташуучу жол болуп берген. Айрым бир жылдары баардыгы биз аркылуу өткөн. Ошол маалда эл башчыларыбыз эмне кылышты? Бизге пайдалуу болгон шартта маселени чечүү жолун издештиби? Сүйлөшүүнү тездетүүгө аракет кылыштыбы? Жок. Тескерисинче, Баткен облусу аткезчилердин бейишине айланды, күйүүчү май ташуу менен баары алек болуп, айрымдар ошол учурдагы Өкмөт башчысы атайын схема ойлоп тапканын дагы айтып жүрүшөт.

Өзбекстанда бийликке Мирзиеев келгенден кийин чек аралар ачылды, эми Тажикстан биздин бийликтин кебине кулак да салбайт. Себеби эми алар бизден көз каранды эмес. Ал эми биз болсо эми гана ойгонуп, бири-бирибизге жаман сөздөрдү жаадырып, күнөөлүү адамды издеп жатабыз.

Мисалы, депутаттар 270 метр болгон өткөрүү тилкеси боюнча документке кол койгон Мадумаровго жана башкаларга асылышты. Талаш жерди ижарага берүүчү документке кол коюу менен бул аймактар тажик тилкелери экенин моюндадык деп чыгышты.

Көпүрө курулуп, жол ачылгычакты Баткен районунун бир бөлүгүнө Лейлек районунан жана Сүлүктү шаарынан Тажикстандын Чорку пункту аркылуу гана өтүүгө мүмкүн болгонун адилеттүүлүк үчүн айтып коюу керек. Бажы пункттарын өтүү чоң көйгөй болуп, бир нече жолу токтоого туура келчү. Азыр болсо ал маселенин чечилүү жолу жакпай жаткан имиш. Анда эмне элди кыйнап, баарын ошол бойдон калтыруу керек беле?

Бул жолунун жээги, Чоркудан Кыргызстан тарапка келген жолдун аймагы бизге тиешелүү жер болгону да айтылды. Бирок Исфайрам суусунун жээгиндеги ал жерди мурда дагы, азыр дагы тажик тарап колдонуп келген. Биздин кыргыз саясатчылары тажик тарап менен маселени эмнеге чечкен жоксуңар, эмнеге аны чечүүнү талап кылбайсыңар деп кыйкырганды жакшы билишет. Алар биздин бийлик ушундай жолдор менен көйгөйдү чечсе болот деп ойлошот. Бирок андай эмес, бир тараптуу чечим кабыл алууга биз тарап дагы, коңшулар дагы жол беришпейт. Жогоруда айтылган жол маселесин чечүүдө саясатчылардын сынына калбаш үчүн кандай чараларды колдонуу керек эле деген суроого жооп жок. Бул чечим туура болгонбу же жокпу деген суроого жооп табуу үчүн ал жакта жашаган тургундардын пикирин эске алуу керек. Мурда Баткендин батыш тарабына баруу үчүн 10 чакырым жол жүрүп, тажик аймагынан өткөндөрү ыңгайлуу болгонбу же азыр ижарага алынган талаш жер менен эч кандай бажысыз, текшерүүлөрсүз 270 метр жүргөн жакшыбы?

Тескерисинче, бул маселенин ийгиликтүү чечилгенинин бир мисалы болушу керек болчу. Бирок саясат ыплас. Оор кырдаалдан кантип чыгуу керектиги тууралуу ойлонгондун ордуна кимдир-бирөөлөр кол коюлган чечимге шылтоолоп Мадумаровду каралагысы келди.

Абалды ушундай жол менен талдоону уланта берсек, айрым аткаминерлердин башы кетиши мүмкүн, себеби жергиликтүү көйгөйлөрдү айрым учурларда тез чечүү керек болот, кимдир бирөөнү тыңчысың деп айыптап чыгышы мүмкүн, жалпысынан алганда туруктуулукту камсыз кылуу маселеси чечиле элек.

Бизде абалдан чыгуу үчүн кабыл алынган чечимдер барбы? Баардык маектер, чакырыктар, бийликке койгон талаптар “чек ара маселесин тез чечкиле, делимитация, демаркация жүргүзгүлө” болууда. Бирок муну эрк менен эле чечип коюуга болбойт. Себеби экинчи тараптын эрки, чечими да керек, бирок биздин саясатчылар ушуну билип туруп эле чек араны делимитация, демаркация кылгыла деп кыйкырып келишет.

Социалдык тармактарда айрымдар “эмнеге шарттары жок үйлөрдү тажиктер сатып алып жатышат?” деген суроо салышкан. Суроо жөнөкөй жана анын жообу да жөнөкөй – коңшуларда жер тартыш, калкынын саны көп. Россияга кеткендер көп болгону менен төрөлүү дагы жогору.

Мисалы, Баткен. Лейлек райондорунда жана Сүлүктү шаарында учурда 200 миңге жакын калк жашайт, ал эми Тажикстандын бир эле Исфара районунда 250 миңге жакын эл бар. Ворух айылында Баткен шаарына салыштырмалуу эки эсеге көп калк отурукташкан. Лейлек менен чектеш Хиставарз калктуу конушунда 70 миң тургун бар болсо, анын маңдайындагы 4 айылдан турган Жаңы-Жер айыл башкармалыгында калктын саны үч эсеге аз. Ал эми Гафуров районунда 370 миң адам бар. Анын жанында өлкөдөгү экинчи чоң шаар Худжанд жайгашкан. Ошондуктан коңшуларыбыз бош калган жерлерге акырындап жылып келишүүдө жана чек арага жакын аймактарына суу, электр энергиясын тартышып, жол да салышууда.

Ал эми биз тарапта болсо жаркын келечек үчүн кичинекей айылдардан көчүүгө даяр жана көчүп кетип жаткан биздин жарандар.

Маселени башкача жол менен чечиш керек. Чек арага жакын жайгашкан аймактарда жашоо шартын оңдоо зарыл. Ал жактарда жашагандарга жеңилдиктерди берип, пенсия, жөлөк пул маселелерин карап чыгуу зарыл. Таза жана сугат суу жеткиликтүү болуп, электр энергиясы арзан болуш керек. Болбосо жерибиз бара-бара коңшуларга өтүп кете берет. Бирок бизде мындай сунуштар чыгары менен эле эмнеге бул райондогу баланча айыл эмес, ал айыл деле чек арага жакын жайгашкан деген нааразычылыктар башталат. Бирок бир карасаң бизде өлкөнүн жарымы чек ара аймагында, кыргыз-өзбек, кыргыз-казак, кыргыз-кытай чек аралары. Бирок жер айрым аймактарда эле “күйүп” жатпайбы. Бир нече айылдарда. 5-6 айыл үчүн шарттарды түзүп берип койсок болбойбу? Бири-бирине кыйкырып, артын ачып, урушкандын ордуна депутаттардын бири Баткен облусундагы бир нече айылдардын статусу тууралуу абадай керек Мыйзам долбоорун сунуштаса кана.

Бул айылдарда жашагандардын чыдамкайлыгынан колдонуунун кереги жок, аларды үйлөрүн таштап көчүп кетишүүдө деп дагы күнөөлөөгө акыбыз жок. Себеби күн сайын, саат сайын чыңалып турган абалда жашап, чыңалып турган аба менен дем алып жаткан мекендештерибизге ыраазычылык гана айтуубуз керек.

Тактала элек болсо дагы чек аранын баркын билип, жашап жаткан жеринин топурагын алтын көргөндөргө сөз тийгизүүгө болбойт.

Сүрөт WWW алынды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.