Дамир Мусакеев супермаркетин көрсөттү

Окуялар тизмеги 14 мая 2019 09:37
0 билдирүү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев ата-энесинин Ысык-Көлдөгү Бөкөнбаев айылындагы “Супермаркетин” көрсөттү.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура «Мусакеевдин атасы айлыгы аз, жөнөкөй кызматкер болгон. Жеке ишкерлик менен алектенген эмес, бирок ага баасы 4 миллион 486 миң сомго тете 7 кыймылсыз мүлк — эки батир, үч жер тилке, турак жай, жана соода дүкөнү катталгандыгын билдирген. Анын апасы көп жылдар бою Бөкөнбаев айылында тууганынын дүкөнүндө унаа калдыктарын сатып иштеген. Учурда 2014-2015-жылы салынган жеке менчик дүкөндү иштетет. Бизнеси чакан болгонуна карабай, ага 2 миллион 791 миң сомго бааланган үч мүлк — жер тилке, турак жай жана дүкөн катталган».

Башкы көзөмөл органы УКМКнын кызматтык батирлерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголгондон кийин Мусакеев Ысык-Көлдөгү 8,8 миллион сомдук коттежди жана Бишкектеги элиталык батирди (4 миллион 290 миң сом) туугандарына өткөрүп койгонун билдирди.

Ошондой эле маалыматта Мусакеевдин агасына (атасынын тууганы) төрт мүлк катталганы, үчөө 2018-жылы сатып алынганы, жалпы баасы 9 миллион 375 миң сом экени айтылат.

8-майда Башкы прокуратура Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.