Бизде саясий башаламандыктар коркунучу туулдубу?

Аналитика, Статьялар 13 мая 2019 12:49
0 ой-пикир

2017-жылдын 10-мартында белгисиз себептерден улам Кыргызстандан чыгарылган Россиянын StanRadar.com сайтынын башкы редактору – биздин мурдагы мекендешибиз, журналист Григорий Михайлов «Борбордук Азиядагы «Пандора кутусу»: биликке ким ширеңке чагып жатат?» деп аталган макаласын жарыялады.

Анда биздин саясий серепчи Марс Сариев “аймакта азыркы саясий элитаны жаңы жүздөргө алмаштыруу процесси башталганын” айткан. Саясатчы Казакстандагы акыркы каршылыктар “кылдаттык менен күчөтүлгөн нааразычылыктардын” натыйжасы экенин билдирген. Сариев: “Учурда КМШ өлкөлөрүндө спектакль ойнолуп жатат, бир нече мамлекеттер “марионетка” болуп, ал эми дүйнөлүк лидерлер куурчактарды башкарып жатышат. Бул аракеттерге Батыштан буйрутма беришкен жана коңшу өлкөлөр аркылуу атаандаштарын алсыздандырууну көздөшүүдө. Борбордук Азия өлкөлөрүндө бир нерсе болуп кетсе, анда Россия четте карап тура албасын абдан жакшы түшүнүп жатышат”- деген.

Ошондой эле ал мурда Арменияда жана Украинада колдонулган технологиялар учурда Казакстанда колдонулуп жатканын жана кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстанга да келе баштаганын айткан.

«Мисалы, көпчүлүктү башкаргандар күнүмдүк жашоодо саясаттан алыс болгон адамдар – официанттар, жумушчулар, сатуучулар, үй кожейкелери. Чыныгы буйрутмачылар көрүнбөйт, уюштуруучулар жашынып, анонимдүүлүк сакталып келет. Бир толкунду кармаш үчүн социалдык тармактарда болсо ар бир адамды тынчсыздандырган маселелер талкууланып жатат. Адамдарды баарына түшүнүктүү, барын кызыктырган чакырыктар алдында бириктиришүүдө – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жөлөк пулун көбөйтүү, өлкөдө экологиялык абалды жакшыртуу, кылмыштуулук менен күрөшүү ж.б.”,-деди ал.

Анын пикиринде, саясий системадагы өзгөрүүлөр сыяктуу абстракттуу максаттарды нааразы болгон адамдар кеп кылбай эле, себеби алардын максаты бул нерсе эмес.

“Алардын нааразычылыктарын максаттарына жетүүчү курал катары колдонгон буйрутмачылар аларга багыт көрсөтүп, башкарып келишет. Буга керектүү учурда керектүү жерден маалымат берүү дагы кирет, бул ишти Борбор Азиядагы батышчыл ММКлар, ошондой эле “туура” окутулган жарандык сектор, көптөгөн жылдар бою үйрөтүлүп келген улутчу-патриоттор аткарып келишет”,-деди Марс Сариев.

StanRadar.com менен Марс Сариев кызыктуу теманы көтөрүшкөн.

Elgezit.kg редакциясынын аналитикалык тобу бул абал боюнча өз көз карашы менен бөлүшүүнү чечти.

Биздин көз карашыбызда, Борбор Азияда учурда олуттуу батыш долбоору жок. Казакстандагы нааразычылыктар сырттан келген таасирден болбой эле, өлкө ичиндеги абалдан кабар берет.

Узак убакыт бою шайлоолор “симулякр” болуп келди жана эл кадимки агрессиясын шайлоо кампаниялары учурунда чыгара алышкан жок, себеби шайлоолордун жыйынтыгы ондогон жылдар алдыга чечилип келген. Топтолгон нааразычылыктар ар түрдүү шылтоолор менен социалдык тармактарга тарады, мисалы, кытайларга каршы митингдер. Бирок Казакстандын бийлиги буу казандан керек учурда буу чыгарып турууну билет экен.

Назарбаев отставкага кетип, элге бийлик алмашат деген үмүт берди. Дарига Назарбаева болсо шайлоого барбай турганын билдирди. Касым-Жомарт Токаев болсо өткөөл мезгилдеги фигура катары кабыл алынууда, демек, элита жаңырат деген үмүттөр бар. Батыш Казакстандагы абалды “күчөтүүгө” кызыкдар эмес экенине дагы бир жагдай бар.

Назарбаев отставкага кетип жатканда элге болгон кайрылуусунда Казакстан Россия тарапка өтө деле жакын эмес экени тууралуу бир нече системалык эскертүүлөрдү берди.

Биринчиден, ал бир нече жолу Казакстан заманбап дүйнөгө интеграция болгон өлкө болушу керектигин билдирген. Экинчиден, Казакстанда үч тил – казак, орус жана англис тилдери өнүгүшү керектигин айткан. Үчүнчүдөн, Казакстан дүйнөдө өз ордун таап, эч кимден көз каранды болбошу керек.

Казакстан үчүн “Бир кур – бир жол” кытай долбоорун ишке ашыруу өтө маанилүү. Башкача айтканда, Түштүк-Чыгыш Азиядан Казакстан аркылуу өткөн жол Батыш Европага алып барат. Ошондуктан мураскер катары Токаев тандалды. Кытайчы, МГИМОнун, Пекин лингвистикалык институтунун бүтүрүүчүсү, СССРдин Кытайдагы элчилигинде кеңешчи болуп иштеген, БУУнун башкы катчысынын мурдагы орун басары, БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн башкы директору.

Бул божомолдорду жокко чыгара турган дагы эки факт. Назарбаев АКШ менен визасыз режимге жана казак арибин латындаштырууга кол койду.

Өзбекстанга келсек, митинг, нааразычылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынган, анын үстүнө Мирзиёев өзүн реформатор катары көрсөтүп келет. Баардык багыттарда либералдаштыруу жүргөн.

Тажикстанда бийликти алмаштырууга алып келүүчү маанай байкалбайт.

Ал эми Кыргызстан тууралуу айтсак, кезектеги революцияны буйрутма кылчулар азырынча чыга элек. 7-апрелдеги окуялардан кийин Батыш республиканы Россиянын таасириндеги өлкө катары таштоону чечкен окшойт деген ой жаралат.

Россияны алсыздандыруу максатында Батыш бүгүн иш алып барууда, бирок такыр башка багытта. Биринчи кезекте, бул Украина жана Грузия. Жана жаңы точка Белоруссия болушу мүмкүн. “Батька” менен Кремлдин ачык эле карама-каршы туруусун батыш оюнчулары колдонуп, өздөрүнүн таасирин күчөтүшү мүмкүн.

Кыргызстанга кайта турган болсок, акыркы окуялар өзгөрүүгө талап бар экенине кабар берет. Бүтүндөй өлкө “жаңы жүз” болбосо дагы Бабановду күткөнү жана аны реформа менен ассоциация кылышканы, уранга каршы митингде эски саясатчыларга сөз бербей коюшканы эл саясатта жаңы адамдарды көргүсү келгенинен кабар берет. Жалпылап айтканда, бийлик мындан тиешелүү тыянак чыгаруусу керек.

Анын үстүнө Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрүн башаламандыкка алып келчү факторлор бар. Биринчи кезекте кландык башкаруу жана кландык экономика. Демек, ички нааразычылык бар. Ал эми Батыш же Чыгыш абалдан пайдаланып жеңүүчү тарапка басым жасашы толук ыктымал.

Elgezit.kg редакциясы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.