Депутаттар журналисттерден артта калып жатат

Окуялар тизмеги 08 Май 2019 11:44
0 ой-пикир

Парламент өз күчү менен эч нерсеге жетише албаганын коомдогу орчундуу маселелерди журналисттер көтөрүп, коомчулук социалдык тармактарда жазып чыккандан кийин гана билип, реакция жасап жатат деп Парламенттин алсыздыгын билдирип айтты Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиева. Ал бул тууралуу 8-май күнү Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда билдирди:​

«Урматтуу кесиптештер, уран маселесин да, Жалил Атамбаевдин маселесин да парламент көтөргөн жок. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Журналисттер алып чыгышты, социалдык тармактарда жазылды, көтөрүлдү. Андан кийин гана парламент реакция жасап жатат. Орчундуу маселелерди журналисттер көтөрбөсө, парламент көтөрө албай жатабыз. Мындай маселелерди депутаттар өздөрү казып, өздөрү көтөрүп чыгышы керек. Бирок бизде андай боло албай жатат».

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.