Мурат Суталинов абактан бошотулду

Окуялар тизмеги 07 Май 2019 12:45
0 ой-пикир

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу чечимин туура көрдү.

Сот залынан бошотулган Мурат Суталинов Апрель окуясы үчүн элден кечирим сурап, бүгүнкү сот чечимин күтпөгөнүн айтты:

«Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм бүткүл кыргыз элимен», — деди Суталинов. ​

Муратбек Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келаткан. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп келишет. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Сотко чейин Бишкек шаардык сотунун алдында Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу талабы менен пикет өткөн. Мурат Суталиновдун жубайы президент Сооронбай Жээнбековго жана Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга атайын иш сапары менен келгенде да кат менен кайрылган болчу.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.