Боронов: «Бүгүнкү күнү ишкерлердин колунда 2571 лицензия колдон колго өтүп жүрөт»

Окуялар тизмеги 07 мая 2019 14:30
0 ой-пикир

Кубатбек Боронов 7-майда парламентте өткөн коомдук талкууда сөз сүйлөп, Өкмөт Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун толугу менен колдоого аларын билдирди.

— 22-апрелде өкмөт башчы өзүнүн позициясын билдирди. Ошону эле 2-майда парламент отурумунда да кайталадык. Президенттин сөзүн да уктуңуздар. Азыркы өкмөт уран кени боюнча бир да лицензия берген эмес. Биз лицензияларды иреттеп жатабыз. Бүгүнкү күнү ишкерлердин колунда 2571 лицензия колдон колго өтүп жүрөт. Акыркы лицензия 2018-жылы 25-февралда берилиптир.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууда каралды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.