Элина Каракулова, «Интерньюс Кыргызстан» уюмунун жетекчиси: «Калем ээлери мынчалык акча таппайт»

Окуялар тизмеги 03 Май 2019 17:30
0 ой-пикир

«Интерньюс Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Элина Каракулова «Азаттыктын» иликтөөчү журналистинин үстүнөн жазылган доонун 50 миллион сомдук суммасы эч нерсеге негизделбегенин айтып, нааразылык билдирди.

«Биздин чиновниктер жана бийликте тургандар тигил же бул редакциядагы жарнама канча турарын, ал ЖМК канча каражат таап жатканын билеби деги? Сот ошол доо арыздарды өзү эмнеге кабыл алат? Мисалы, «Азаттык» жарнамадан акча таппайт. Биз сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчтөн 15 сап өйдө жылабыз, кайра 15 сап ылдый түшөбүз. Ошентип эле секирип жүрөбүз. Өнүгүү жок. Мен 50 миллион деген санды көргөндө отурган жеримен кулап кете жаздадым. Бизнесмен болобу, бийликтеги адам болобу, алар мынчалык ири суммадагы доо арыз жазбашы керек. Журналисттер мынча акча таппайт».

Бүгүн, 3-майда медиа эксперттер «Сорос Кыргызстан» фонду менен Журналисттик иликтөө фонду уюштурган тегерек үстөлдө сөз эркиндигинин абалын жана журналисттерге болуп жаткан кысым тууралуу пикир алмашууда.

Эске салсак, 29-апрелде милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

Cүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.