Аманбол Бабакулов, жарандык активист: «Гейлерди өлтүрөбүз деген ниетте барган эмесмин»

Окуялар тизмеги 02 мая 2019 14:09
0 билдирүү

Жарандык активист Аманбол Бабакулов феминисттер менен жыныстык азчылык өкүлдөрүнө чабуул койбогунун айтып, тескерисинче өзүн автоунаа менен сүзүүгө аракет кылышканын «Элгезитке» билдирди:

— Мен кечээ,феминисттер менен ЛГБТнын чогулушу туурасында «Фейсбуктан» окуп, Фучик паркына боло турган ачык эшик күнү дегенинен кызыгып баргам. Бирок мен барганда, саат 12:30 болчу, ал убакта алар тарап кетишиптир. Аны көрүп чыгып келатсак, күмүш түстөгү минивэнде кыз менен бала отуруптур. Алар мени сүрөткө тарта баштаганда мен аларга: «Силер кимсиңер, эмнеге тартып жатасыңар?» дегем. Ошол маалда мени сүзүп кетейин дешти. Капоттун тумшугунун алдында калып калайын дедим.

Эске салсак, 1-майда ЛГБТ өкүлдөрү пикникке чыккан маалда аларга белгисиз бирөөлөр келип, ыдык көрсөтүп, жумуртка менен ура баштаганын айтып чыгышкан. Алардын бири активист Аманбол Бабакулов алардын автоунаасын тосуп, жолтоо болгонун билдирип, сүрөтүн «Фейсбукта» жарыялашкан.

Жарандык активистке кайрылганыбызда, ал эч кимге, эч кандай жумуртка ыргытпаганын, гейлерди өлтүрөбүз деген ойдо барган эместигин жана «Клоп» менен «Кактус медиа» анын сүрөтүн мыйзамсыз колдонгондугу үчүн, аларга чара колдоноорун билдирди. Ошондой эле, активист «Түштүк багындагы» окуяга тиешеси жок экенин айтып, ал жакка басып барбаганын айтат.

Эске салсак, жарандык активист Аманбол Бабакулов «Кырк чоро» кыймылынын мүчөсү эмес экенин да баса белгиледи.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.