Өкмөт: Пикет, митингге чыккандарга каражат колдонулбайт

Окуялар тизмеги 30 Апр 2019 14:40
0 ой-пикир

Тынчтык митингдеринин, нааразычылык акцияларынын катышуучуларына атайын каражаттар колдонулбайт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Буга чейин өкмөт массалык башаламандыкты жөнгө салуу үчүн колдонулуучу каражаттардын тизмесин бекиткени айтылган.

Тизмеге желим таяктар, соккудан коргоочу костюмдар, желим ок атуучу мылтык (12 мм), ошондой эле металлдан жасалган калкан кирген.

«Атайын каражаттарды колдонуу тартиби өкмөт тарабынан эмес, тармактык күч структураларынын мыйзамдарынын негизинде аныкталат», — дешти өкмөттөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, күч структураларынын бардык тармактык мыйзамдарында тынчтык митингине чыккандарга каршы атайын каржаттарды колдонуу каралган эмес.

Сүрөт интернеттен алынды

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.