Юрий Картыжев Путин Кыргызстанга 30 миллион кайтарымсыз акча бергени үчүн нааразы билдиргенине айып төлөйт

Окуялар тизмеги 26 Апр 2019 16:44
0 ой-пикир

Орусия март айында Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 30 млн доллар грант бөлгөнү Орусиянын Новгород облусунун тургунун ыңгайсыз абалда калтырган. Буга чейин да Путинге ар кандай сын-пикирлер айтылып келген. Орусиянын канча деген айылдарынын ахыбалы начар болсо, бул Кыргызстанга эмне үчүн жардам берет деген сыяктуу… Бул саам Юрий Картыжевдун социалдык тармактагы баракчасына Президент Владмир Путинди уят сөз менен атагандыгы үчүн 30 миң рубль айып пул салынды. Бул тууралуу “Медуза” жазды.
Маалыматка ылайык, Юрий Картыжев Путин Кыргызстанга 30 миллион кайтарымсыз акча бергендигине нааразы болуп, “Путин – сказочный *******” деп билдирүү калтырган.
Биздин өлкөгө жардам республикалык бюджеттин каржы чыгымдарын жабууга, социалдык объектилерди жана аскер кызматкерлерди үчүн турак-жайларды курууга, социалдык тармактагы айлык акыларды төлөөгө жумшалат.
Грант бөлүү боюнча келишимге Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда кол коюлган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.