Кара-Кѳлдүн жаштары кылмыштуулукка каршы

Окуялар тизмеги 25 Апр 2019 09:50
0 ой-пикир

Кара-Кѳл ШИИБнин демилгеси менен, шаардык билим берүү мекемелери жана Кара-Кѳл шаардык мэриясы менен биргеликте, Кара-Кѳл шаарынын аймагында жайгашкан билим берүү мектептеринин жана кесиптик лицейлердин окуучуларына «Адепсиздик-кылмыш, кылмыштын арты жаза» аттуу темада семинардык иш-чара ѳткѳрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты: жаштарды ар кандай терс кѳрүнүштѳрдѳн (наркомания, алкоголизм, таксикомания ж.б.), укук, тартип бузуулардан алыс болуу, эң негизгиси кылмыштуулуктун алдын алуу жана дени сак, сергек жашоого, мекенчилдикке тарбиялоо болуп эсептелет.

Иш-чарага мектеп окуучулардан сырткары Кара-Кѳл шаарынын жергиликтүү тургундары жана жаштары, ошондой эле Кара-Кѳл шаардык укук коргоо органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.

Бул иш-чарада №1-билим берүү орто мектебинин окуучулары тарабынан «Мен баңгиликке жана рекетчиликке каршымын», «Кылмыш эмнеден чыгат?», «Жаштар кылмыштуулукка каршы» аттуу атайын уюштурулган жашоодон алынган түрдүү сахналаштырылган кѳрүнүштѳр кѳрсѳтүлүп, семинарга келген жаштардын иш-чарага болгон кызыгуусун ого бетер арттырды.

Кара-Кѳл ШИИБнин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Оморбек Боронбаев ѳз сѳзүндѳ: «Бүгүнкү иш-чара негизги максатына жетти деп эсептейм, анткени жаштар милиция кызматкерлери тарабынан берилген түшүндүрмѳлѳрдү кызыгуу менен угушуп, учурдагы жаштар арасындагы кылмыштуулук жана анын алдын алуу боюнча суроо-жооптор менен активдүү түрдѳ талкууга алынып, аягында зал тараптан кол чабуулар менен коштолуп, уюштуруучуларга ыраазычыктар айтылды» — деп кошумчалады.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сѳз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.