Дастан Бекешов, депутат: «Автобустардын бири да майыптарга ылайык эмес»

Окуялар тизмеги 25 Апр 2019 09:07
0 ой-пикир

Жалпыга маалым болгондой кечээ борборго 60 жаңы, газ менен жүргөн автобустар келген эле. Бирок, тилекке каршы анын бири да майыптарга туура келбейт экен. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өкмөттүн отчетун угуу учурунда Бишкек шаарына сатылып алынган жаңы автобустар тууралуу сөз кылып, аларды «майыптарга ыңгайлуу эмес» деп сынга алды:

— Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар боюнча азыр конвенцияга кол коюлду. Эми аны ишке ашыруу жагын алсак, дайыма «жардам берип жатабыз» деп айтып келатабыз. Бишкекке жаңы 60 автобус келди, бири да мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкташпаптыр. Муну кандай бааласак болот?

Ага жооп берген вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова конвенциянын шартына ылайык транспорттун кире бериши жана аялдамалар төмөн болушу керек экенин моюнга алып, муну «карап чыгууга» убада берди.

Кытай мамлекетинен алынып келген жаңы 60 автобус Бишкек шаарына жеткирилип, 24-апрелде пайдаланууга берилди. Аны тендерден утуп алган кытайлык ZHENGZHOU YUTONGBUS CO., LTD компаниясы 301,2 миллион сомго алып келгени кабарланды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.