Аналитика, Саясат Дата:
0 билдирүү

“Күч чындыкта. Чындык ким тарапта болсо, ал адам күчтүү”

Elgezit.kg Өмүрбек Текебаев менен болгон маекти улантат. 2-бөлүк

— Келиңиз, акча тууралуу кеп кылалы. Сот сиз 2 транш менен Маевскийден миллион доллар алганыңызды айтып жатат…

— Эч кандай далили жок, куру сөздөр. Маевский тергөө учурунда дагы, сотто дагы Бишкекке 2010-жылы июнь айынын акырында күзөт кызматынын жетекчиси Сергей Кутуковдун коштоосунда келгенин айткан. Келер алдында ал ВТБ-24 банкындагы эсебинен 300 миң доллар алган жана бул каражаттарды Кыргызстанга Сергей Кутуков алып келип, Алексей Модинге бергенин билдирген. Маевскийдин ВТБ-24 банкындагы эсебинен накталай алган каражаттары тууралуу документтин көчүрмөсү иште тиркелген. Ал документке ылайык, Маевский майда, июнда, июлда, августта, башкача айтканда, бул айлардын биринде дагы эсебинен 300 миң доллар албаганы жазылган. Мындан сырткары жүргүнчүлөр манифести бар. Ага ылайык, Сергей Кутуков 2010-жылдын июнь айында Кыргызстанга учуп келбегени белгилүү болду. Ошондой эле Кутуков Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын офицерине көрсөтмө берип, анда июнь айында Кыргызстанга келбегенин, эч кимден акча алып, эч кимге бербегенин билдирген. Ал Маевский акчалар тууралуу сүйлөшүүлөрдү ким менен жүргүзгөнүн билбей турганын айткан.

Elgezit.kg маалыматы: Леонид Станиславович Маевский – Казакстан тургуну, запастагы биринчи рангдагы капитан, Россиянын Мамлекеттик Думасында Коммунисттер партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Анын ысымы россиялык басылмаларда чуулуу сот иштерине байланыштуу аталып келет. Айрымдар аны рейдер деп да атап жүрүшөт. 2003-жылы Омск облусунун губернаторлугуна ат салышып, экинчи орунду алган. Ошол эле жылы күзүндө Коммунисттер партиясы тууралуу билдирүү жасап, аталган партияны Борис Березовский каржылаган деп айыптап, “Яблоко” фракциясына террористтер менен байланышы бар деген айып койгон. Депутаттык ишмердүүлүгүнөн кийин бизнес менен алек болуп келген. Маевский олигарх Михаил Фридман менен достук мамиледе болгонун айткандар да бар. Фридмандын «Альфа-Групп» компаниясы 2018-жылы Маевскийди «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган» деп айыптап, ага карата кылмыш иши козголгон. Натыйжада Тверь соту аны камоо чечимин чыгарган (РФнын Кылмыш кодексинин 163-беренесинин 3-пункту).

Сүрөттө: Леонид Маевский.

— Анда Маевскийден башка дагы ким сизге каршы көрсөтмө берген?

— Мага жана Чотоновго каршы көрсөтмө берген Алексей Модин. Маевскийдин мурдагы таанышы. Ал Маевскийге карыз экен. 2010-жылы 500 миң доллар алыптыр. Кийин соттошуп да жүрүшүптүр. Модин 300 миң доллар алып, аны таанышы, өнөктөшү Маматкеримовго бергенин айтты. Ал 2014-жылы боор циррозунан каза болуп калган экен. “Маматкеримов Текебаев менен Чотоновго акча бергенин айтты беле” деген суроого Модин “Маматкеримов эч нерсе айткан эмес” деген жооп берген. Модин болсо өзү каражат Текебаевге берилгенин божомолдоп жатканын билдирген. Себеби, Маевский ушинтип айтыптыр. “Акча берилген деген маалыматты ким тастыктап берет” деген суроого Модин эч ким тастыктай албастыгын билдирди. Мына — табышмак. Чындыгында эч кандай акча болгон эмес. Муну Маевскийдин эсеби тууралуу маалымат тастыктап турат. Эч ким каражат Текебаевге же Чотоновго берилди деп айткан жок. Бир гана Модин Маевскийдин сөзүнө таянып айтып жатат. Сот Модиндин сөзүнүн негизинде бизди акча алган деп жатат. Мына соттун чечими канчалык негиздүү жана адилеттүү экенин өзүңүздөр байкап көрүңүздөр.

— Ал эми Маевскийден келди деген экинчи траншчы? Себеби миллион долларга дагы 700 миң жетпей жатпайбы?

— Экинчи транш тууралуу окуя бул абсурд. Маевский 2010-жылдын сентябрынын биринчи жарымында Текебаевге белгисиз адам аркылуу 700 миң бергенин айткан. Сотто ал акча берип жиберген адамды мурда көрбөгөнүн, анын аты-жөнүн сурабаганын, паспортун көрбөгөнүн билдирди. Ал курьер кайсы аэропорттон кайсы тарапка учканын да билбейт имиш. Ал акчалар Текебаевге, Чотоновго же кимдир бирөөгө берилгенби же жокпу билбейт экен. Ага мындай суроо беришти: “Бул акчаларды ал белгисиз адам Бишкекке алып келип, Текебаевге бергенин кантип далилдеп бере аласыз” деген суроо беришти. Ал Текебаев өзү далилдей алат деп жооп берди. Маевскийдин бул сөзү кыргыз соту үчүн мени миллион доллар пара алган деп күнөөлөгөнгө негиз болду.

Сүрөт: Сот отуруму башталар алдында.

Elgezit.kg маалыматы: Текебаев тууралуу маалыматтарды чагылдырган чет элдик, анын ичинде россиялык ММКлардын баары кылмыш иши буйрутма экенин белгилешкен. Бири-бирине карама-каршы келген учурлар өтө көп болгонун айтышкан. Көрсөтмөлөрүндө Модин жана Маевский өтө көп жаңылышканын жазышкан. Журналисттер эмнеге Маевский мурда эле прокуратурага кайрылбай, Текебаев менен Атамбаевдин араздашуусу туу чокусуна жеткенде гана чыга калган деген суроого жооп таба албай убара. Маевский бул суроого прокуратурага бир нече жолу кайрылганын айтып, бирок ал учурда Текебаев креатурада отурганын, ошондуктан иш оңунан чыкпаганын айтып жооп берген. Бирок Маевский сотко бир гана жолу катышып, кийин бул иш тууралуу эч качан эч жерден сөз кылган жок. Бул жерде Маевский Аида Салянова тууралуу айткан. Бирок ал Башкы прокурор кызматынан 2014-жылы эле кетпеди беле, анда Маевский эмнеге миллиондору тууралуу 2016-жылы гана эстеди? “Бул ишке кыргыздын салмактуу саясатчысы Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жеке мамилелери таасир берип жатат. Муну менен макул болуу кыйын”, — деген эл аралык журналист, Борбордук Азия региону боюнча эксперт Аркадий Дубнов «Коммерсантка» билдирген пикиринде.

Мындай кара өзгөйлүк менен жасалган иш кантип кайра каралбай коет.

— Сиздин ишиңиз боюнча Президентке кайрылуулар болду. Бирок биз Текебаев менен Чотоновдун иши бардык инстанцияларда, анын ичинде Жогорку Сотто каралган деген жооп угуп келебиз. Ал эми Жогорку Соттун чечими менен макул болбой, кайра арыз жазууга мүмкүн эмес. Президент дагы соттордун ишине аралаша албайт деген шылтоолорду айтышат…

-Президентке кайрылгандар андан соттордун ишине кийлигишүүнү талап кылбай эле. Биз Президентке «укук коргоо органдары ишти кайра карап чыксын, биздин иш боюнча адилеттүү тергөө жүргүзүп, мыйзамга ылайык кайрадан карап чыксын» деп кайрылып жатабыз. Жогорку Соттун чечимин жокко чыгаруу жана кайра арыздануу мүмкүн эмес деген түшүнүк туура эмес. Жогорку Сот – бул Кудай эмес жана жаңылышып калышы толук мүмкүн. Мыйзамда Жогорку Сот мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотуу үчүн кылмыш ишин кайра карап чыга алат. Акыйкат чечимге жетүү соттолгон адамдын гана укугу эмес, мамлекеттин дагы милдети. Дегеним, мамлекет жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргошу керек да. Жакында эле 40 жыл мурда бир аялды баласы менен өлтүрдү делинип туура эмес соттолгон адамды акташты. Мындай учурлар көп.

Мен учурда биздин өлкөдө абал өзгөрдү деп ишенем. Адилеттүүлүк бара-бара орноп жатат. Анын үстүнө сот мамлекетке, биздин республиканын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Маевскийге зыян келтирилбегенин билдирди. Зыян келтирилген жок.

Тергөө жана сот бизди мыйзамдын жана мамлекеттин аброюна шек келтирди деп күнөөлөп жатат. Бирок дал ушундай жасалма, токулган, саясий мотивдер бар иштер өлкөнүн аброюна шек келтирерин унутпаш керек.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.