Кыздарды тоноп жүргөн жаран колго түштү

Окуялар тизмеги 18 Апр 2019 12:14
0 билдирүү

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда бир нече тоноочулук фактысына шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу аталаган облустун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки айдын ичинде Сокулук районунун тургундарынан тоноочулук боюнча 5 арыз келип түшкөн. Жабыркагандардын окуясы окшош болгон. Кылмышкер таң атканда же түн ичинде унаасы менен кыз-келиндерге кол салып,
телефондорун, акчасын, кымбат баалуу буюмдарын алып кеткен.
Кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү деп 25 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка тоноочулук фактыларына тиешеси бар же жок экендиги аныкталууда.

Аталган жарандан дагы жабыркагандар болсо ички иштер органдарына арыз менен кайрылыңыздар!

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.