Аманбол Бабакулов, жарандык активист: «Дача-Су окуясы боюнча биздин «тилибиз кесилсе» да, элдин тилин эч ким кесе албайт»

Саясат, Статьялар 18 Апр 2019 15:29
0 ой-пикир

Ушул жылдын 16-апрелинде Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Дача-Су боюнча иш жандандырылат деп билдирүү жасады.

Баш прокурор депутат Таабалды Тиллаев «Дача-Суда кулаган учактагы жүккө кыргызстандыктардын тийиштиги барбы?» деп суроо салды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда Дача-Судагы авиакырсык боюнча тергөө иштери жанданганын билдирди.

Жыйында депутат Таабалды Тиллаев Дача-Судагы авиакырсык боюнча иштер эмне болуп жатканына кызыгып: «Андагы жүк кимдики, же аткезчилик жол менен келгенби?» — деп суроо салды.

Жамшитов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, авиакырсык боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын айтып, бирок ал чечимди Башкы прокуратура жокко чыгарып, кылмыш ишин тергөө жанданганын кошумчалады.

Депутат өз кезегинде «Кыргызстандын жарандарынын ошол жүккө тиешеси барбы, ачык айта аласыңарбы?» деп кызыкты.

Жамшитов болсо бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирди.

«Азыр тергөө болуп жатат, калганын ошонун жыйынтыгы менен айталы. Бардык кылмыш иши тергелип жатканда купуя сыры болот. Кандай гана кылмыш иши болбосун мен өз пикиримди айтсам, тергөөчү «башкы прокурор айтып жатат» деп аны желек катары көтөрүп алышы мүмкүн», — деп жооп берген.

Дача-Судагы кырсыктан каза болгондордун ичинен сызып, буга ким күнөөлүү болсо, өз жазасын тартат деген үмүттөрүнөн жазбай келет.

Дача-Суу айылы: учак кулаган жерден тартылган алгачкы видео

Кырсык катталган айылда бир гектардан ашык аймакка учактын калдыктары чачырап кеткен.

ӨКМдин Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысы Макиевдин маалыматы боюнча, учак 43 үйдүн үстүнө түшүп, анын ичинен 30 турак жай жабыркаган.

Каргашалуу 2017-жылы 16-январда Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 учагы Дача айылына кулаган. Кырсыктан экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болуп, дагы 15 киши жабыркаган. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Андан сырткары, маркумдардын жакындары менен жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын комиссия иш алып барган. Ошондой эле ал арада учактагы жүк Кыргызстандын жогорку кызмат адамдарына таандык деген сөздөр социалдык тармактарга жайылган.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов Дача-Су боюнча Еlgezit.kg электрондук басылмасына өз оюн билдирди.

— Дача-Су маселеси боюнча азыркы Өкмөттө иштеп жаткандарда толук маалыматтар бар. Ошол учурда Кубатбек Боронов Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигин башкарып турган. Ошондой эле, Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлик кызматта, кырсык болгон учурда түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болгон, ал экөө тең бул иш боюнча ийне-жибине чейин билишет. Ошол жүк Раим Матраимовго да таандык болушу мүмкүн. Кыргызда сөз бар эмеспи, «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» деген. Дача-Суда уйкудан турбай калган 39 бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылган. Активисттердин «тилин кесип салса да», элдин тилин кесе албайт да. Ошондой эле атайын жабыркагандарга эсеп ачылган, ошол дагы дайынсыз бойдон калды.

Еlgezit.kg радакциясынын маалыматынан: Экипаждын бардыгы Түркиянын жарандары экени аныкталган. Капитаны Ибрагим Гүржан, экинчи учкуч Казым Өндүл жана жүк ташуучулар Мелих Ослан менен Ихсан Кожа аттуу адамдар болгон. Казым Өндүл 2009-жылы Афганистанда кызмат кылган жана ошол учурдагы АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон тарабынан ишин мыкты аткаргандыгы үчүн сыйланган.
Айрым сайттар жүк Раиса Атамбаева менен Албек Ибраимовго таандык деп жазып чыгышкан. Бирок, андан бери 3 жыл өтсө да, маалымат тастыкталган эмес. Жүктөн калган калдыктарынын арасында кыргыз тилинде жазылган товарлардын колдонуу эрежелери кыргызча жазылганын тургундар таап чыгышкан. Демек, бул жүктүн Кыргызстанга түз тиешеси бар.

Кантсе да Баш прокурор бул иштин аягына чыгып, күнөөлүү адамдар табылат деген үмүт бар.

Жазгүл Урмамбетова,

Еlgezit.kg редакциясы

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.