Абдрахманов: «Атамбаев партиянын мүлкүн бербесе, күч түзүмдөрүнө кайрылам»

Окуялар тизмеги 18 Апр 2019 13:32
0 билдирүү

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаевди Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары саясий иш жүргүзүүнү токтотууга чакырды.

Абдрахманов 18-апрелде басма сөз жыйынында 5-апрелден тартып партиянын жетекчиси алмашканын жана ал юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик реестрде катталганын билдирди:

«Атамбаевден КСДПнын бардык мүлкүн, партиянын мөөрүн жана штамптарды берүүнү талап кылам. Андан тышкары партиянын банктардагы каражатын, уставын бериш керек».

Абдрахманов: «бул талаптар аткарылбаса, КСДП Атамбаевди жоопко тартуу тууралуу өтүнүч менен күч түзүмдөрүнө кайрылууга аргасызмын».

Анын маалыматына караганда, бул кат почта аркылуу Алмазбек Атамбаевге жөнөтүлгөн. Ошондой эле Абдрахманов партиянын банктагы эсептерин ага өткөрүп берүү боюнча Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго да кат жазган.

Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттап, партиянын жайгашкан жерин (юридикалык дареги) Эркиндик 45 деп өзгөрттү.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.