Аналитика, Саясат Дата:
0 билдирүү

Шайлоо алдында шайлоо тууралуу эки ооз кеп

Темирбек Орозбаев – атайын Elgezit. kg үчүн

Өлкөдөгү баардык саясатчылар келерки жылы боло турчу парламенттик шайлоого даярдыктарын баштады. Башкача айтканда, биринчи кезекте акчалуу, амбициялары күч, мандаттын даамын татып калган адамдар азыртадан эле шайлоо иштерине билек түрө киришти. Арасында мандат алганы менен мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү боюнча түшүнүгү жоктор да бар.

Шайлоого бир жыл калганда ким кимдер менен биригери эки кишинин башы бириккен жерде эле талкууга алына баштайт эмеспи…

Шайлоонун этаптары башталары менен депутаттык мандат алууга ашыккандар азартка батып, шайлоонун шаңы билине баштайт. Саясий жашоо партия боссторунун кеңсесинде кайнап, соодалашуулар, сүйлөшүүлөр жүрүп, тизмелер түзүлүп, каражаттар тактала баштайт. Биздин келечектеги депутаттар, башкача айтканда, депутаттыкка талапкерлер мына ушул күндөрдү гана күтүп жашап, иштеп, акча таап келгендей ой калтырат. Ал эми өз иши менен алек болгон карапайым калк болсо, шайлоо алдындагы иштерге катышып, бир аз да болсо каражат таап калууну көздөшөт.

Дал ушул күндөрү шайлоолорду кайсы эрежелер менен өткөрөрү талкууланып башташ керек болчу. Анын үстүнө Президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө жайкы каникулга чейин шайлоого байланышкан баардык мыйзамдарды кабыл алуу керектигин айткан болчу.

Бирок коомчулук кайсы жаңычыл кадамдар же кандай өзгөрүү тууралуу сөз болгонун түшүнгөн жок. Коомдук талкуулар, парламенттик угуулар болгон жок. Айрым маектер аркылуу гана бизди эмне күтүп турганынын четин угуп жатабыз.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 29-мартта “Азаттык” радиосуна берген маегинде: «Аймактардан чыккан, эл арасында чындап абройго ээ болгон адамдарды чогулта турган шайлоо механизмин сунуш кылып жатабыз. Биз тогуз аймакты шарттуу түрдө тогуз шайлоо округуна бөлдүк, анан ошол аймактагы калктын (шайлоочулардын) санына жараша мандат бөлүнөт. Мисалы, Нарындан 7, Таластан 7, Оштон 30, Бишкектен 30 мандат болушу мүмкүн. Бул ошол аймактардагы шайлоочулардын санына жараша болот. Ал эми шайлоочулар биринчи бюллетендеги партияга жана бөлүнгөн мандатка жараша экинчи бюллетендеги партия көрсөткөн талапкерлердин ар бирине добуш беришет. Партия ошол шайлоо округунан үч-төрт талапкерди көрсөтүшү мүмкүн. Ошентип ошол партия көрсөткөн талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган адам мандат алып, парламентке депутат болуп келет. Ошондо ар бир аймактан элге жакын, чыныгы лидерлер чыгат. Муну биз эң адилеттүү шайлоо ыкмасы катары сунуш кылып жатабыз» деген.

Мындан сырткары, депутаттык топ тарабынан иштелип чыккан 2 мыйзам долбоору жана Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан варианттар бар. Демек, 4 мыйзам долбоору бар, бирок талкуу болгондору аз.

Ошондой эле мындай долбоорлордун эч кандай баалуулугу жок экени тууралуу кептер чыгууда. Ал эми “Президенттик” топ соттуулугу жоюлган адамдарга талапкер болууга уруксат бербөөнү сунуштоодо. Мунун баары саясат жыттанып, айрымдардын күлкүсүн келтирди. Себеби соттук чечимдердин баары туура чыгарына күмөн бар…

Дал ушул шайлоо процесстеринен, шайлоодон биздин мамлекеттин ийгилиги көз каранды экенин унутуп калышкандай. Дал ушул шайлоо өлкөнүн келечегин аныктарын эстеген адам жоктой…

Шайлоо босогосун жогорулатуу, тизмелерди түзүүдөгү аймактык принцип, мурда соттолгондордун талапкер болуу укугу айрымдар үчүн гана пайдалуу, бир канча убакыт өткөндөн кийин коомчулукта бул кадамдар боюнча нааразычылык болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Жайкы каникулга чейин шайлоо тууралуу мыйзам өзгөрө турган болсо, анда коомчулукка талкууга коюлушу керек. Албетте, убакыт бар болсо, бирок жай мезгили эртең эле келери бышык эмеспи.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Cүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.