Айтмамат Назаров, депутат: «40 миң үй-бүлө турак-жайларына документ алды»

Интервью, Саясат 16 Апр 2019 16:53
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин ишине сын-пикирлерди айткандардын саны акыркы убактарда күч алды. Сын-пикирлерди айткандардын катарында ошол эле парламентте депутат Алмамбет Шыкмаматов дагы Жогорку Кеңештин тарап кетүүсүн колдогон. Мындан улам, биз эл өкүлдөрүнүн жасап жаткан иштерин элге жарыялоону туура таптык. Мындай жагдайда «Кыргызстан» партиясынын депутаты Айтмамат Назаров Жогорку Кеңештин таркап кетүүсүнө караманча каршы. Бул тууралуу Еlgezit.kg электрондук басылмасына билдирди. 

-Жакында эле кесиптешиңиз Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин тарап кетүүсүнө макул экендигин билдирген. Сиз да парламенттин тарап кетүүсүн колдойсузбу?

-Жок. Жогорку Кеңеш жаман иштесе да алгылыктуу иштерди жасап жатат деп айта алам. Эми ушунча иштеп, бир жыл калганда тарап кетүүсү алдыга койгон пландардын ишке ашпай калуусу деп билем. Менин пикиримде Жогорку Кеңеш өз ишин аягына чыгып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшү керек.

-Сиз беш жыл аралыгында эмне иштерди жасай алдыңыз?

-Көп мыйзамдарды киргизе алдым десем болот. Алсак, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-сентябрындагы № 1853-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын көтөрдүм. Былтыр комитеттин 28 жыйыны болуп, 45 мыйзам долбоору жана 89 айыл чарбасына тиешелүү маселе каралган. 2018-жылы комитет жыйындарында айыл чарба тармагынын өнүгүшүн шарттаган кооперативдер, логистикалык борборлор, үрөн, үрөнчүлүк чарбасын мамлекеттик дотациялоо, органикалык айыл чарбасы, жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө бир катар орчундуу мыйзамдар кабыл алынган. Ошону менен катар Ветеринария жана фитосанитария инспекциясынын, Жайыт, Химиялаштыруу департаменттеринин, Дыйканчылык илим изилдөө институтунун жана башка айыл чарба мекемелеринин ишмердүүлүктөрү каралган.

-Сиз Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы катары кандай маселелерди көтөрө алдыңыз?

-«Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоорунда өзгөртүүлөр камтылыш керек эле. Бирок, алар толук эске алынбай калгандыктан, аны Социалдык маселелер боюнча комитет колдогон эмес. Кийин бул маселе Агрардык саясат боюнча комитетинде да талданып, эки айдын аралыгында толуктай турган ченемдер иштелип чыксын деген тапшырма берилди. Мыйзам долбоорунда тамак-аш продуктусунун талаадан столго чейинки кыймылынын ачык-айкын схемасы бекитилет. Ушул максатта “тамак-аш продукциясын өндүрүү чынжыры” деген термин киргизилүүдө. Ал байкоого алуу этаптарын аныктайт. Халал сертификатын берүүдө да ХАССП талаптары сакталышы керек. Бул багытта мыйзамдык талаада иш жүргүзүү зарылчылыгы бар. Бул азык – түлүк коопсуздугуна берилген кепилдиктин бир түрү болмок. Учурда ветеринардык 19 лаборатория иштесе, фитосанитардык багытты 4 лаборатория тескеп турат. Эми комплекстүү лаборатория куруу аракеттери көрүлүүдө. Анын чыгарган изилдөө жыйынтыктарын Бажы союзундагы мамлекеттер тааныйт.

Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууга каралды. Мыйзам долбоору жаныбарларды, ошондой эле жаныбардан алынган азыктарды идентификациялоо, каттоо, байкоо жүргүзүүнү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат, жаныбарларды идентификациялоонун уюштуруучулук, укуктук жана каржылык негиздерин аныктайт жана Кыргыз Республикасынын аймагында бул ишти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн негизги принциптерин белгилейт жана идентификацияланган жаныбарлар жана жаныбардан алынган азыктар боюнча так маалыматтарды алууну камсыздоого шарт түзүүгө багытталган. Колдонуудагы мыйзамда белгиленген шарттар жаныбарларды идентификациялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Бирок бул укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган. Тагыраак айтканда, эркин жүргөн жана короодо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилүүдө.

Кыргыз Республикасындагы «Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзам долбоору да каралууда.

-Кайсы мыйзамдар кабыл алынды?

-Мен тараптан жогоруда айтылган мыйзамдар көтөрүлүп, айрымдары жактырылды. Учурда 13 миң гектар жерди мыйзамдаштырдык. Башкача айтканда 40 миң тургундарыбыз үйлөрүнө документ алышты. Бул да чоң жетишкендик. Ошондой эле биз МТС, кооперативдерди кошумча салыктан (НДС) бошотуу боюнча маселени көтөрүп жатабыз. Үрөн чарбалары, асыл тукум чарбалары иштей баштады. Ошону менен катар жеке менчик жерлердин ээлерине мөмө бактарын тигүүгө уруксат бердик. Анткени мөмөлүү бактардан кирешени көбүрөөк тапса болот.

Ал эми «Жайыт мыйзамы» боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп жайыттардын айрым тилкелерин жердин башка категорияларына которбостон (трансформациялабастан) жер казынасын пайдалануу үчүн берүү жагында Жер кодексине ылайык келтирүү саналат.

Аракеттеги “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдагы жайыттарды башка максаттарга пайдалануу ченеминде “жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт” деп белгиленген. Мыйзам долбоору менен “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдагы жайыттарды башка максаттарга пайдалануу ченемине пайдалуу кендердин жатактарын иштетүү жана кендерди пайдаланууда инфратүзүм объектилерин куруу маселеси кошумчаланууда.

Эң башкысы эл өкүлү болгондуктан, элге иштейин деп, алардын жашоосун жеңилдеткенге жана шарт түзүү үчүн аракет жасайм.

-Маек бергениңизге ыраазычылык билдирем. Ишиңизге ийгилик каалайм!

-Рахмат.

Маектешкен Жазгүл Урмамбетова,

Еlgezit.kg редакциясы

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Cүрөт интернеттен алынды

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.