Ош: Суицидке барган кыз аман калды

Окуялар тизмеги 12 Апр 2019 11:29
0 билдирүү

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун билдиргени боюнча, окуя 11-апрелде саат 20:30 чамасында болгон. Маалым болгондой, суицидке барган кыз шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринен боюн таштаган. Алгачкы медициналык экспертиза анын акыреги сынып калганын билдирди. Азыр шаардык оорукананын травматология бөлүмүндө саламаттыгына кошумча диагностика жүргүзүлүп жатат. Абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок. Адистердин айтымында, өткөөл курактагылардын психологиясы калыптана элек болуп, кичинекей бир нерселерге бат таарынып калышат. Ошондуктан бул курактагылар суицидке көп барышаарын белгилешүүдө.

Тергөөнүн алгачкы божомолдору боюнча, кыз телефон аркылуу бирөө менен сүйлөшкөндөн кийин боюн таштаган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда былтыр 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. 2017-жылы 490 киши жанынан кечсе, алардын 91и аялдар болгон.
Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.