Атамбаевдин калпы. Экс-президенттин 7-апрелде сүйлөгөн сөзүн талдоо

Аналитика, Саясат 11 Апр 2019 09:04
0 ой-пикир

Алмазбек Атамбаев ойдон чыгарылган нерселерди айтканы менен жумурай журтка белгилүү болуп калган.

Elgezit.kg редакциясы 7-апрелдеги митинг-реквием учурунда экс-президенттин сүйлөгөн сөздөрү боюнча фактчекинг жасады.

№1 цитата

· “2010-жылдын 6-апрелинде бизди кармап, эртең менен мени “каралардын” (криминалдык дүйнөгө аралашкандарды жөнөкөй тил менен ушундай атап коюшат – ред.) камерасына алып киришкен. Камерадагыларга рахмат, баары сый мамиле кылышты… Ал камерада 10 адам бар болчубуз. Биринчи жолу ок атылып баштаганда мен Кудайдан менин өмүрүмдү алып, калгандарынын каны төгүлбөшүн суранып жаттым”.

Апрель окуялары боюнча өткөн соттук отурумда, окуяга күбө болгон жана катышкан “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча, ошондой эле ММКлардагы маалыматтарга (https://lenta.ru/news/2010/04/06/atambayev/) ылайык, Атамбаевди өзүнүн үйүнөн 7-апрелде болжол менен саат түнкү 1:30 чамасында кармашып, №1 убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Бул жай “Ала-Тоо” аянтынан бир топ эле алыс жайгашкан жана Атамбаев ок атуу башталганын уга алмак эмес.

Ал эми “караларга” келсек, Атамбаев президент болуп турган маалда уюшкан кылмыштуу топтун бир нече мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда бошотулган. 2013-жылы болсо жасалма документтер менен “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев абактан бошотулган.

№2 цитата

· “Керек болсо мени башка өлкөлөрдүн башчылары өздөрүнө чакырышкан. “Көрсө, кыргыздар мындай адамдарды баалашпайт экен, бизге кел” дешкен алар”.

Атамбаев аны чакырган кайсы башка өлкөлөрдүн башчылары экенин тактаган жок. Бирок президент болуп турган маалда Атамбаев коңшу мамлекеттердин лидерлери менен араздашкан учурлары көп болгон. Тактап айтканда, Назарбаев жана Каримов менен. Түркиянын президенти менен дагы ынтымагы ыдырай түшкөн жайы бар. (Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде бул тууралуу өзү айткан (https://www.youtube.com/watch?v=_ORdIjlJCok). Атамбаев Америка менен болгон мамилени дагы бузду. Азимжан Аскаровго премиянын берилишине экс-президент курч реакция кылып, Кыргызстан кызматташтык тууралуу макулдашуудан баш тарткан. Натыйжада өлкө миллиондогон жардамдарсыз калган.

№3 цитата

· “Кудай мага байлык берди. 30 жыл мурун эле берген. Адамдар 10 соток жер таба албай жатышат, а мен болсо шаардын борборунда мечит курууга жер таптым. 25 жыл мурун Кудай мага байлык берген, мен шаар четиндеги заводдордун директорлору менен сүйлөшүп, сатып алгам”.

Атамбаевдин байлыктары бир топ суроолорду жаратат. Анын үстүнө Атамбаев байлыктарга кандайча ээ болгонунун бир нече версиясын айтып келет. Айтсак, “Апрель” телеканалына 2018-жылдын 10-ноябрында берген маегинде Атамбаев биринчи миллионун “китептерден” тапканын, андан соң бул каражаттарды Кыргызстандагы жана Түркиядагы ишканалардын акцияларын сатып алууга жумшаганын билдирген. “Азаттык” радиосу Атамбаевдин байлыктары боюнча журналисттик иликтөө жүргүзгөн. Бул материалдан кыска үзүндү беребиз: Юстиция министрлигинин архивдеги материалдарына ылайык, Алмазбек Атамбаев 1997-1999-жылдары мамлекеттик “Кыргызавтомаш” акционердик коомун жетектеп, 1998-1999-жылдары акциялардын көп бөлүгүн сатып алып, аны менчиктеп алган. Бул ишкананын базасында “Форум” өнөр-жай тобун түзгөн. Менчиктештирүү программасына ылайык, бул өнөр-жай ишканасы 304 миң 140 сом деп бааланган, бирок чындыгында ал канча каражатка сатылганы көрсөтүлгөн эмес.

2000-жылдагы шайлоо алдындагы кампания учурунда президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев өзүн өндүрүшчү катары тааныштырган. Атамбаев өз убагында “Кумтөр” төлөгөндөй эле салыктарды төккөнүн билдирген. Ошол маалда Өкмөттө жетектөөчү кызматты ээлеп тургандар бул маалыматты тастыкташкан эмес. Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов тескерисинче, Атамбаев “Кыргызавтомашты” менчиктеп алгандан кийин завод кыйрап, баалуу жабдуулар чет мамлекетке чыгарылып кеткенин айткан.

2000-жылдары президенттик шайлоодо Атамбаевдин саясий өнөктөшү болгон, учурдагы депутат Исхак Масалиев мындай деген: “…ал ошол маалда эле миллионер болгону тууралуу айтканы кызыктай болуп турат. 2000-жылы мен аны менен бирге президенттик шайлоого катышкам. Мен анын көп байлыгы бар экенин байкаган эмесмин. Ал ишкерлик менен алектенгени чын, бирок менде ал китептер аркылуу байыганы тууралуу маалымат жок. Азыркы күнгө чейин китеп сатып байыган кишини көрө элекмин. Ал өзү айтып жаткан бизнес менен байлык топтой алмак эмес. Атамбаев кедей болчу деп айта албайм. Бирок ал долларлуу миллионер болбогонун так айта алам”.

2014-жылы Россияга качкан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев телеканалдардын бирине берген маегинде Алмазбек Атамбаев Жазуучулар союзуна бөлүнгөн акчаларды алып, кийин бул каражатка өндүрүш ишканасын сатып алганын айткан. https://rus.azattyk.org/a/истоки-богатства-экс-президента-алмазбека-атамбаева-/29614973.html

№4 цитата

· “Баары чындык калкып чыгат деп коркуп жатышат. Мен Жээнбековго былтыр айткам. Биринчиси: силер Сапар Исаковду ЖЭБдеги аварияга күнөөлөп жатасыңар, бирок анын катышы жок”.

Сапар Исаковду ЖЭБдеги аварияга гана күнөөлөшкөн жок. Сапар Исаковду Бишкектеги ЖЭБди модернизациялоо үчүн сынак болгон учурда Кытай компаниясынын кызыкчылыктарын колдогону үчүн жана коррупцияга күнөөлөп жатышат. Натыйжада мамлекетке 111 млн доллардан ашуун чыгым келген. Мындан сырткары, Исаков тарых музейин оңдоо учурунда коррупцияга аралашкан деп күнөөлөнүүдө. Мамлекетке 1,4 млн доллар чыгым келтирилген.

№5 цитата

· “Экинчиси: макул, коррупция менен эч ким күрөшпөптүр, бир гана сен чечкиндүүлүк көрсөтүп жатыптырсың. Бирок коррупция менен күрөшкөн адам эч качан Раим Матраимов менен дос болбойт. Сен ушунча эле ак болсоң шайлоо учурундагы 30 млн кайдан чыкты?”.

Раим Матраимов менен Сооронбай Жээнбеков гана эмес, Атамбаев да “дос” болгонун айткан жайы бар. Анын сөздөрү: “2015-жылдын августунда Алмазбек Шаршенович өзү жана менин досум Икрам Илмиянов (президенттин экс-кеңешчиси – ред.)Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болушума жардам беришкен. Мен муну эч кимден жашырбайм, ал (Атамбаев –ред.) өзү да бул тууралуу билет”. http://kabarlar.org/news/98055-r-matraimov-bolee-izvestnyy-kak-rayym-million-otvetil-na-obvineniya-a-atambaeva.html

Дал Атамбаев өзү 7-апрелде Матраимовду Ош бажысынын жетекчиси болуусуна колдоо көрсөтүп, ошол маалдагы губернатор Сооронбай Жээнбековдун сөзүн уккан эмес. Атамбаев менен Бекназаровдун сүйлөшүүсү YouTube каналында жүрөт. Анда Бекназаров экс-президентти Матраимовду дайындоо үчүн 400 миң доллар алганы үчүн күнөөлөп жатканын угууга болот. Ал жасалма жазуу эмес экенин Бекназаров өзү билдирген: “Ал учурда (2010-жылы) мен Ошто болчумун жана азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен чыгып жатып Атамбаевге чалгам. Бул жактан куулган адамды Кулматов менен бирге 400 же 700 миң алып кайрадан бул жакка алып келип жатасыңар деп айткам. Эл нааразы, Сооронбай ыйлап жатат. Муну кандай түшүнсө болот деп сурагам”. (https://rus.azattyk.org/a/29207857.html)

Мындан сырткары, Жээнбековду Матраимов менен байланышы бар деп күнөөлөп жатып. Атамбаев анын башкаруусу учурунда Матраимов Бажы кызматына иштеп жатканын унутуп калгандай. Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин гана антиматраимов кампаниясын баштап калганына жол болсун.

30 миллион – бул шайлоодогу “кара кассадагы” каражат болсо керек. Демек, Атамбаев шайлоо алдындагы иштерге кошумча каражат тартылганын билген жана каршы болгон эмес. Эгерде мыйзамга каршы иштер болгон болсо Атамбаев өзү дагы катышуучу болуп жатпайбы…

№6 цитата

· “Атамбаев Кыргызстанды карызга батырып койду, жерлерди кытайларга сатты деп жатышат. Эй, Атамбаев келген маалда тышкы карыз 2,5 млрд доллар болчу, жолдор, электр энергиясы, армия эч нерсе жок болчу. Жада калса Путин биздин аскерлердин кийимдери жок экенин айткан. Мен кызматтан кетип жатканда бул карыз болгону 1,3 млрд долларга өстү, бирок мен бул каражаттарды өзүм менен кошо ала кеткен жокмун да”.

Биринчиден, кышкы карыз 1,3 млрд долларды “гана” деп айтууга болбойт. Эми Атамбаевдин саясатынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын ар бир жараны, балдарды, кары-картаңдарды кошкондо 47 миң сом карыз. Мамлекеттик карыздын көрсөткүчтөрү боюнча Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи орунда турат.

№7 цитата

· “Атамбаевдин башкаруусу учурунда өлкөнүн бюджети үч эсе өстү. Мурда 50 млрд сомдон бир аз эле жогору болчу, мен кеткенден кийин болжол менен 150 млрд сомго жетти. Үч эсе! Өлкөнүн ИДПсы 4,4 млрддан 7,4 млрга жогорулады. Эгерде карыздардан ушунча корксоңор Исаков менен Кулматовду кайра кызматка койгула, алар карыздарды гана жаппастан кирешелерди, пенсияларды көбөйтөт. Ошондой эле уурдашпайт. Азыр өзүн коррупция менен күрөшүүчүлөр атап жаткандар Раим Матраимов менен дос болуп жүрүшөт. Кулматов Бажыга келгенде каражат чогултуу 1 күндө эле 10 эсеге өскөн! 10 эсеге! Бюджеттин көп бөлүгү бажыдан түшкөн каражаттан түзүлөт. Бирок Матраимов Бажыны жетектеп турганда бул мүмкүн эмес”.

Атамбаевдин маалындагы ууручулук жана болуп көрбөгөндөй бажы төгүмдөрү тууралуу айтсак. «Регнум» агенттигинин “Кыргызстандагы аткезчилик: ЕАЭБдин сындарына элита эмнеге курч реакция кылып жатат” деп аталган материалындагы анализдерди жана статистикаларды келтиребиз. https://regnum.ru/news/economy/2523590.html?fbclid=IwAR2DD6AHrjz1zzxWEXHhnSV92sxQVZv8EbBP7Lxhl_PAHzExbqiTZoIMfuA “Кыргызстандын президенттеринин мөөнөттөрүн жана аларды башкаруу учурундагы бажы статистикасындагы айырмачылыктарды карай турган болсок, кызыктуу нерселер келип чыгууда: президенттердин башкаруу учурундагы абалдарда эч кандай айырмачылык жок. Кыргызстанды ким башкарса дагы аткезчилик жок болгон эмес, аткезчилик элитаны жана уюшкан кылмыштуу топторду байытып келген. Аскар Акаевдин башкаруу учурундагы абал бир аз башкачараак, бирок ал маалда агым аз болчу, статистикадагы айырмачылык 6 эсеге чейин болууда. Балким, бардык мүмкүнчүлүктөр изилдене электиги үчүн”.

Кыргызстандын президенттери жана алардын ишмердүүлүгү учурундагы бажы статистикасындагы айырмачылык

Кыргызстандын президенти Башкаруу убактысы Кытай менен болгон бажы статистикасындагы айырмачылык, млн доллар Түркия менен болгон бажы статистикасындагы айырмачылык, млн доллар

Аскар Акаев 2001-2004 549 49

Курманбек Бакиев 2005-2009 19 036 446

Роза Отунбаева 2010-20117 7 416 297

Алмазбек Атамбаев 2012-2017 22 881 1 046

Бул сандар Атамбаевдин башкаруусу учурунда аткезчилик Бакиев башкарып турган убакка караганда жогорулаганын айтып турат. Бул жерде комментарийдин деле кереги жок го.

№8 цитата

· “Азыр саткындар сатпагандарды каматышууда. Азыр сен же мекениңди жана элиңди сатасың, болбосо сени отургузуп коюшат. Алар Бакиевге караганда куу, айлакер. …азыркылар күнөөсүздөрдү камап жатышат.

“Күнөөсүз адамдарды отургузуу” боюнча Атамбаевдин лидер болгон десек жаңылышпайбыз. Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, 30дан ашуун адам камалып чыккан, арасында дагы деле эркиндикке чыга электери бар. Бийликти басып алууга аракет кылган деген күнөө менен эле 2015-жылдан 2017-жылга чейин 12 адам жоопкерчиликке тартылган. Атамбаевдин режиминен жапа чеккендердин арасында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөн Чотонов, Канат Исаев, Карганбек Самаков жана башка белгилүү адамдар бар. 30 адам деген бул Атамбаевдин башкаруусу учурунда саясий куугунтуктан улам башка өлкөдөн башпаанек сурагандардан сырткаркы көрсөткүч. Арасында чет мамлекетте жашоого аргасыз болгондор да бар. Мисалы – Өмүрбек Бабанов. Аны Атабаев өлкөдөн чыгууга аргасыз кылган. Айрымдардын бизнесин тартып алуу үчүн эле бакиевчил деп күнөөлөгөн учурлары да болгон. Буга Нариман Түлеев менен болгон окуялар далил.

Ошондой эле “Вечерний Бишкектин” мурдагы ээси А.А.Кимдин окуясын эстеп көрөлү, анын бизнесин рейдерлик баскынчылык менен тартып алышпады беле. Ошондой эле көптөгөн журналисттер, адвокаттар, укук коргоочулар дагы Ак үйдүн буйругу менен куугунтукка кабылышкан. Ошондуктан Атамбаевдин башкаруу маалындагы “эркиндик” тууралуу сөз кылбай деле койсок болот.

№9 цитата

· “Эртең Сооронбай бир нерсе кылып жиберсе, аны бийликке алып келген деп эл мени күнөөлөөрүн билем. Мен буга жол бербегенге аракет кылып жатам. Мен муну бир жыл мурун эле түшүнгөм жана ошондон бери Жээнбековго жеткирүүгө аракет кылып келем. Туура эмес жол менен бара жатасың.

Бир жыл мурун Атамбаев Жээнбековго каршы сүйлөп баштаганда президент кызматка келгенине 2 гана ай болгон. Демек, коомчулуктун нааразычылыгын туудургандай иш жасаганга физикалык жактан жетише элек болчу. Атамбаевдин Жээнбековго болгон таарынычы президент аркылуу өлкөнү башкара албай калганында болууда. Көптөгөн саясатчылар, эксперттер айткандай, Атамбаев башында эле ушундай план койгон жана Жээнбековду дагы дал ушундай максатта колдогон. Бирок Жээнбеков аткаруучу болуп кала берүүнү каалаган жок.

Акыркысы:

Азырынча дүйнөдө саясаттагы hate speech (англис тилинен которгондо душман тили – ред.) боюнча изилдөөлөр өтө көп эмес. Бирок көптөгөн Европа өлкөлөрү мыйзам аркылуу мындай риториканы колдонууга, башкача айтканда, бир топту экинчи топко жек көрүндү кылууга мыйзам аркылуу тыюу салышкан. Көбүнесе бул улуттар жана диндер аралык касташууну козуткандарга тиешелүү. Бирок максатына жетүү үчүн саясий конфликтинде “душман тилин” колдонгон саясатчы жоопкерчилик тартышы керек.

Elgezit.kg редакциясы

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөттөр интернеттен алынды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.