Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгы белгиленет

Саясат 05 Апр 2019 12:47
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-апрелде Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараттынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жарлыкта «элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуш үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты», — деп жазылат.

Ошондой эле Апрель революциясынын юбилейлик 10 жылдыгын 2020-жылы белгилөө максатында токтом чыгарылганы белгиленген.

Токтомдун алкагында Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чаралар өткөрүлөт. Бул жарлыктын аткарылышын президенттин аппараттынын жетекчиси көзөмөлдөйт.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп президенттин аппараттынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев дайындалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.