Дүйшөнбек Зилалиев: «Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, эркиндикке чыгаарымды убадалашты»

Саясат 02 Апр 2019 11:03
0 ой-пикир

Мурунку вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев: «эгер мен Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, мени УКМКнын тергөө абагынан чыгарууну убадалашты», — деп билдирүү жасады.

Анын айтымында, акыркы төрт айдын ичинде ал бир дагы жолу суракка чакырылган эмес.

«Жакында УКМКнын кызматкери мени чакырып, экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштады. Алардын максаты ушул экен! Мага карата башаламандык эмне себептен уюштурулганы түшүнүктүү болду. Мени сындырып, Алмазбек Атамбаевге каршы кызматташууну каалашкан», -деп жазылат кайрылууда.

«Мага «кытай компаниясынан кайсы бир лицензия маселесин чечип берүү үчүн Икрам Илмиянов аркылуу Алмазбек Атамбаевге 1 миллион доллар бердим» деген көрсөтмө берүү тууралуу сунуш түштү. Эгер сунушту аткарсам, күбө катары суралып, УКМКнын тергөө абагынан эркиндикке чыгаарымды айтып, убадалашты.

Эми мага карата козголгон кылмыш иши адилеттүү чечилерине үмүт жок. ЖЭБ жана башка кылмыш иштери боюнча Алмазбек Атамбаевдин оозун жабуу колунан келген жок, ошондуктан мен аркылуу бул ишти ишке ашыргысы келип жатат. Мына коррупция менен күрөштүн баары!» — деп жазган Дүйшөнбек Зилалиев.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2018-жылдын 8-декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди камакка алган. Ага Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон. Ченебеген акчаларды ал өз үйүндө сактаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.