Тиматинин «бекер бургерин» талашкан саясатчылар (видео)

Окуялар тизмеги 26 Мар 2019 10:01
1 ой-пикир

Россиянын шоу-бизнесинде «кара жылдыз» атка ээ болгон Тимати Бишкекке келип, «Black Star Burger» ресторанын расмий ачылуусуна  Бишкектин тургундарына бекер бургер берди.

Тиматинин бургеринен ооз тийип калалы деген калаа тургундары эртелеп эле “Азия Молл” соода борборунун алдына чогулган. Алардын саны арбын болду.

Тиматинин бекер бургерине барган ЖК депутаттарынын сүрөттөрү интернетке жарыяланган.

Руслан Байдылдаев аттуу Фейсбук колдонуучусу баракчасына ЖК депутаты Иса Өмүркуловдун сүрөтүн жайгаштырган. Коомчулукта айрымдар «бул саясатчылар ачка калгансып эмне барып алышкан» дешсе, кээ бирөөлөр алардын элдерге жакын болгусу келип жаткандыгынан кабар берээрин белгилешкен.

Тиматинин «бекер бургерин» талашкан саясатчылар (видео)” жөнүндө ой-пикирлер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.