Баланын келечегин ойлогон ата-энелер эсеп счётторун ачышууда

Окуялар тизмеги 11 Мар 2019 10:26
0 билдирүү

Кыргызстанда балага капитал чогултуу маданияты акырындап түптөлө баштады.

Айрым балдардын ата-энеси ал үчүн үй-бүлөлүк кирешеден белгилүү бир сумманы бөлүп, ай сайын депозиттик эсепке сала баштады. Бул энчи бала 18ге чыкканда дарылануу же билим алуу үчүн жумшалат.

Учурда бир нече банкта балдар үчүн депозиттик акча чогулта турган кызматтар ачылган. Эл аралык камсыздандыруу компаниялары да Кыргызстандын атуулдарына ыңгайлуу шарттарды сунуштап келет.

«Айыл банктын» веб-сайтында «Наристе» эсебин ачуу үчүн баланын туулганы тууралуу күбөлүк гана талап кылынары жазылган. Сомдун пайызы 9.38 болгону менен доллардыкы андан төмөн. Эсеп ачкан киши эң аз дегенде 1000 сом, АКШ валютасы менен 20 доллар сала алат. Бул эсеп ачылгандан кийин бир айда жок дегенде 500 сом салып турушу керек.

Кыргызстанда балдар үчүн акча чогултуучу эсеп ачкан банктардын дээрлик бардыгында сом жана доллар негизги валюта катары белгиленген.

Депозиттеги акчанын сакталуу мөөнөтүнө карай пайыздык кирешелери көбөйгөн банктар да бар. Маселен «РСК» банкындагы «Алай кард балдар плюс» эсебиндеги сомго карата пайыздык киреше 10дон 14 пайызга чейин өсөт.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.