Бүгүн КТРКнын башкы директору шайланат

Окуялар тизмеги 06 Мар 2019 09:45
0 билдирүү

Бүгүн, 6-мартта КТРКнын башкы директору шайланат. Байкоочу кеңеш өткөн баскычтан тандалып чыккан сегиз талапкердин ичинен бирөөнү тандайт. Шайлоо 6-мартта, саат 15:00дө башталат.

1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин ичинен сегизи: Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев финалдык баскычка өткөн.

28-февралда учурдагы директор Илим Карыпбеков кайра шайлануу боюнча өз арызын кайтарып алган.

КТРКнын башкы директору Байкоочу кеңеш тарабынан төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.