КСДП: Иса Өмүркулов Курултай өткөрүүгө укугу жок

Окуялар тизмеги 05 Мар 2019 15:23
0 ой-пикир

Иса Өмуркулов курултайды чакырууга жана партиянын Саясий кеңешинин жыйынын өткөрүүгө укугу жок. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина5-мартта “Медиа форумда” өткөн маалымат жыйында билдирди. Ал муну Өмүркулов өткөн жылы КСДПнын катарынан чыгарылганы менен түшүндүрдү.

— Саясий кеңеште Иса Өмүркуловду чыгарып салгандан кийин 35 мүчөсү бар. Азыр ал көптөрүнүн ишеним каты бар экенин, 3-апрелде курултай өткөрүүгө жетишерлик добушу алганын билдирип жатат. Саясий кеңештин жети мүчөсү форумда отурат, үчөө парламентте, төрт мүчөсү жабык жайларда. Алар көпчүлүк добушту алуусу мүмкүн эмес. Бул жөн гана коомчулуктун башын айлантуу, партиянын калган бөлүгүн бөлүп-жаруу аракети. Бул “Атамбаевсиз КСДП” долбоорунун уландысы. Бийликтин колдоосу жок бул долбоор иштебейт эле, Иса Өмүркулов мындай билдируү жасамак эмес. Ал партиянын уставын бузду.

Депутат Асел Кодуранова кеңештин мүчөсү катары аларга маалымат берилбегенин, партиянын курултайы 6-апрелде өтө турганын кошумчалады.

Маалымат жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, партиянын Саясий кеңешинин мүчөлөрү Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, адвокат Нурбек Касымбеков жана партиянын катчылыгынын катчысы Таалай Усубалиев катышты.

Мунун алдында Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиянын курултайы 3-апрелге белгиленгенин билдирген. Бул маалыматты аталган фракциянын депутаты, партиянын Саясий кеңешинин мүчөсү Төрөбай Зулпукаров “Азаттыкка” ырастап, көпчүлүк добуш менен ушундай чечим кабыл алынганын айткан.

Мындан сырткары «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы да курултай өтөрү тууралуу маалымат берген. Өмүркуловдун белгилешинче, алардын курултайынын бул кыймылга тиешеси жок.

Иса Өмүркулов партиядан чыгаруу чечими мыйзамсыз экенин буга чейин билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.