Иса Өмүркулов: КСДПнын съезди мыйзамдуу өтөт

Окуялар тизмеги 05 Мар 2019 17:40
0 ой-пикир

КСДПнын кезектеги съезди 3-апрелде өтөт, бул курултайды чакыруу партиянын уставына туура келет. Мындай пикирин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ББСге маек берип жатып айтты.

Анда ал съезд мыйзамдуу жол менен өтөрүн белгилеп, өзү жөнүндө кесиптештеринин айтып жатканы суу кечпей турганын билдирди.

Бүгүн, 5-мартта КСДПнын саясий кеңеши брифинг өткөрүп, Өмүркулов курултай чакырууга укугу жок деп айтышкан. Партиянын төрага орун басары Ирина Карамушкинанын айтымында, Өмүркулов партиядан чыгарылгандыктан жыйындарга да атайын чакыруусуз катыша албайт.

«Бүгүнкү күндө партия менен коомчулуктун башын айлантуу, партиянын калган бөлүгүн бөлүп-жаруу аракети болуп жатат. Биз Өмүркуловдун коомчулукту бөлүп-жарууга алып келишин каалабайбыз»- деди Карамушкина.

Эске салсак, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болгонун, анда партия 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алганын айткан. Ошондой эле  “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы да курултай өтөрү тууралуу айтылган. Бирок Өмүркулов алардын курултайынын бул кыймылга тиешеси жоктугун билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.