Ирина Карамушкина: «Учурда Жогорку Кеңеште отурган партиялаштарым тетири карап кеткени мени өкүндүрөт»

Окуялар тизмеги 05 Мар 2019 16:15
0 ой-пикир
Бүгүн, 5-мартта КСДПнын өткөрүп жаткан маалымат жыйынында партия төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина:«Учурда Жогорку Кеңеште отурган партиялаштарым тетири карап кеткени мени өкүндүрөт», — дедиМындай пикирин ал Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө түшүндүрмө берүү учурунда айтты.
«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эмне кылды силерге деген суроого партиялаштарым жооп бере алышпайт. Фракциянын төрагасы Иса Өмүркулов болсо эле аны 40 миңден ашык адам ээрчип кетип калбайт. КСДПнын төрагалыгын алам деген ою — бул ишке ашпаган аракет», — деди Карамушкина.
Мындан тышкары КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков Иса Өмүркуловдун 3-апрелде партиянын съездин өткөрөбүз дегени легитимсиз экенин айтты.
«Алар съездди өткөрө алышпайт. Анткени бардык документтер биздин колубузда. Эч качан бир эле партияны эки жолу каттоого албайт. Буга мыйзам жол бербейт. Өмүркулов кандай жол менен өткөрөт ал белгисиз. Бирок кандай жол менен өткөрсө да ал съезд мыйзамдуу болбойт», — дейт юрист.
Жыйындын катышуучулары учурда КСДПнын абалы оор экенин айтышты.

Иса Өмүркулов КСДП 3-апрелде партиянын съезди өтө турганын билдирген. Ага чейин партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова маалымат жыйын өткөрүп, партиянын шаардагы жыйыны март айында, ал эми КСДПнын съезди 6-апрелде болорун айтышкан.Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду «партиянын негизги максатына жана жобосуна каршы аракет жасаган» деп өз курамынан чыгарган.

 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.