Ошто белгисиз адамдар банкоматты талкалап, ичиндеги 900 миң сомун уурдап кетишти

Окуялар тизмеги 04 Мар 2019 12:53
0 ой-пикир

Белгисиз адамдар Ош облусунун Араван районунда жайгашкан банктардын биринде жайгашкан банкоматты талкалап, ичиндеги 900 миң сом акчасын уурдап кетишти. Маалыматты SUPER.KG`ге облустун Ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Белгилүү болгондой, окуя 9-февралдан 10-февралга караган түнү болгон.

«Тонолгон банкомат Араван районунун Ленин көчөсүндө жайгашкан. Учурда бул факт «каракчылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат«, — деди басма сөз кызматкери.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.