Бишкекте жаңы стадион куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр болду

Окуялар тизмеги 02 Мар 2019 13:01
0 ой-пикир

Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов 1-мартта борбор калаада жаңы стадион курууга кызыкдар болгон инвесторлор менен жолугуп, сүйлөштү.

Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, инвесторлор мамлекет менен түзүлүүчү келишимдин шарттарына кызыгышты. Алар бажы жана салык төлөмдөрүнөн берилүүчү жеңилдиктер, стадион курулуучу жер тилкеси жана башка суроо-талаптары тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине Бишкекке курулуучу көп функционалдуу стадиондун эки долбоору тааныштырылды.

Мурдараак социалдык тармактарда Рахатбек Байтелиев жана Кубанычбек Якутбеков көп функционалдуу стадиондун долбоорун жарыялашкан.

Мамлекеттик агенттик Бишкек шаарына Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талаптарына жооп берген, заманбап стадион курууга катышууну каалаган инвесторлорду чакырып, бул үчүн 25-февралга чейин мөөнөт берген. Азырынча сүйлөшүүгө канча инвестор катышканы тууралуу так маалымат берилген жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.